Кыргыз Республикасынын газ чарба ишканаларында жаратылыш газынын ченемдик жоготууларын эсептөөнүн методикасын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын газ тармагын жөнгө салуунун ачык-айкындуулугун камсыздоо максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
- Кыргыз Республикасынын газ чарба ишканаларында жаратылыш газынын ченемдик жоготууларын эсептөөнүн методикасы (мындан ары - Методика) тиркемеге ылайык бекитилсин.
- Кыргыз Республикасынын газ чарба ишканаларына жаратылыш газынын ченемдик жоготууларын эсептөөдө Методиканы пайдалануу сунушталсын.
- Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
- Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | М.Д.Абылгазиев |