КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-июлундагы 384 токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 14-сентябрындагы № 570 “Баалуу металлдарды камтыган сырьелук товарлар менен операцияларды жүргүзүүнүн айрым маселелери жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Жер казынасын пайдалануунун үзгүлтүксүз өндүрүштүк процессин камсыз кылуу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын
 14-сентябрындагы № 570 “Баалуу металлдарды камтыган сырьелук товарлар менен операцияларды жүргүзүүнүн айрым маселелери жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 11-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;

2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Баалуу металлдарды жана кошо иргелип алынуучу металлдарды камтыган руданы, концентраттарды жана калдыктарды Кыргыз Республикасынын аймагынан ташып чыгаруунун жана Кыргыз Республикасынын аймагына ташып киргизүүнүн тартибинде:

– 4-пунктунун төртүнчү абзацында “инспекциялык компания” деген сөздөр “Жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу органдын борбордук лабораториясы” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

– 6-пунктунда:

1-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“1) классификация - рудадагы, концентраттардагы жана калдыктардагы (техногендик пайда болуулар) баалуу металлдардын жана кошо иргелип алынуучу металлдардын курамын жана санын белгилөө, ал өзүнө сырьелук товарлардын өкүлдүк сынамдарын (үлгүлөрүн) тандоо инспекциясын жана өкүлдүк сынамдарды (үлгүлөрдү) сыноо жол-жобосун камтыйт. Инспекциялоо учурунда товардык эсептердин так анализи үчүн 1 тоннадан 10 тоннага чейин бардык концентраттардын түрлөрү үчүн бириктирилген бир сынам алынат. Бир вагондон 80 тоннага чейин руда үчүн – бириктирилген бир сынам, ал эми жүк ташуучу автомашиналар үчүн бириктирилген бир сынам алынат;”;

– 7-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“7. Классификация процессинен өтүү максатында арыз берүүчү Жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу органдын борбордук лабораториясына кайрылат.”;

– 9, 10-пункттарында түрдүү жөндөмөлөрдөгү “инспекциялык компания” деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү “Жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу органдын борбордук лабораториясы” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

– 11-пунктунун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“11. Тандап алынгандан кийин өкүлдүк сынам кыскартылат жана Жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу органдын борбордук лабораториясы тарабынан пломба менен бекитилүүчү үлгүлөрдүн төрт нускасына бөлүнөт, зарылдыгына жараша арыз берүүчү тарабынан кошумча пломба басылат. Үлгүлөрдүн эки нускасы сыноолорду жүргүзүү үчүн Жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу органдын борбордук лабораториясына, үлгүлөрдүн эки нускасы арыз берүүчүгө арналат.”;

– 12-пунктунда “Инспекциялык компания” деген сөздөр “Жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу органдын борбордук лабораториясы” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

– 13-пунктунда:

биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“13. Жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу органдын борбордук лабораториясы жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияда көрсөтүлгөн пайдалуу компоненттин ар бир түрүнө тандалып алынган үлгүлөрдүн нускамаларын сыноону жүргүзөт.”;

экинчи, бешинчи – сегизинчи абзацтарында түрдүү жөндөмөлөрдөгү “Инспекциялык компания” жана “инспекциялык компания” деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү “Жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу органдын борбордук лабораториясы” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

– 14–16, 20-пункттарында түрдүү жөндөмөлөрдөгү “инспекциялык компания” деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү “Жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу органдын борбордук лабораториясы” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

– 17-пунктунда:

биринчи абзацында “учурунда” деген сөз “максатында” деген сөз менен алмаштырылсын;

бешинчи абзацында “инспекциялык компания” деген сөздөр “Жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу органдын борбордук лабораториясы” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

алтынчы абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;

– 21-пунктунда:

биринчи абзацында “учурунда” деген сөз “максатында” деген сөз менен алмаштырылсын;

алтынчы абзацында “инспекциялык компания” деген сөздөр “Жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу органдын борбордук лабораториясы” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

сегизинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 


Кыргыз Республикасынын 

Министрлер Кабинетинин 

Төрагасы                                                                         А.У. Жапаров

Тиркемелер

Басып чыгаруу