Юридикалык жактарды жана алардын филиалдарын (өкүлчүлүктөрүн) мамлекеттик каттоо (кайра каттоо)
жана ишинин токтотулганын каттоо үчүн
жыйымдардын өлчөмү жөнүндө
Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексинин 45-беренесин ишке ашыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13,
17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Жыйымдын төмөнкүдөй өлчөмдөрү белгиленсин:
1) юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо үчүн:
– Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген мөөнөттө – 507 сом;
– 1 жумуш күндүн ичинде – 1200 сом;
– 6 сааттын ичинде – 2500 сом;
– 3 сааттын ичинде – 3200 сом;
2) юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик кайра каттоо үчүн:
– Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген мөөнөттө – 457 сом;
– 3 жумуш күндүн ичинде – 1700 сом;
– 1 жумуш күндүн ичинде – 3000 сом;
– 6 сааттын ичинде – 3700 сом;
3) юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) ишинин токтотулганын мамлекеттик каттоо үчүн:
– Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген мөөнөттө – 526 сом;
– 3 жумуш күндүн ичинде – 940 сом;
– 1 жумуш күндүн ичинде – 1880 сом;
– 6 сааттын ичинде – 2820 сом.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын
28-январындагы № 18 «Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жана ишинин токтотулгандыгын каттоо үчүн жыйымдардын өлчөмү жөнүндө» токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети жумуш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
Төрагасы А.У. Жапаров