Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги тарабынан көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын административдик регламенттерин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 “Мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жазуу ыйгарым укуктарын берүү жөнүндө” токтомуна, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 16-январындагы № 26 “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламенттерин иштеп чыгуу жана оптималдаштыруу тартиби жөнүндө” жана токтомуна жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 “Мамлекеттик органдар, алардын түзүмдүк бөлүмдөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын бирдиктүү реестрин (тизмегин) бекитүү жөнүндө” токтомуна ылайык буйрук кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги тарабынан көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын төмөнкү тиркелген административдик регламенттери бекитилсин:
1) Архив иши жана иш кагаздарын жүргүзүү боюнча окууларды өткөрүү 1-тиркемеге ылайык;
2) Жеке жана юридикалык жактардын социалдык-укуктук жана тематикалык мүнөздөгү суроо-талаптары боюнча маалымат берүү 2-тиркемеге ылайык;
3) Архив фондунан документтердин көчүрмөлөрүн берүү 3-тиркемеге ылайык;
4) Архивдик мекеменин аймагында архив фондунан убактылуу колдонууга документтерди берүү 4-тиркемеге ылайык;
5) Архивдик мекеменин аймагынан тышкары архив фондунан убактылуу колдонууга документтерди берүү 5-тиркемеге ылайык;
6) Мамлекеттик сактоого тапшыруу үчүн документтерди даярдоо 6-тиркемеге ылайык;
7) Арыз ээсинин демилгеси боюнча документтерди сактоо 7-тиркемеге ылайык;
8) Архив фондунун бөлүгү болуп саналган документтерди сактоо 8-тиркемеге ылайык;
9) Мекемелер, уюмдар, ишканалар үчүн тармактык жана жеке көктөмөлөрдүн номенклатурасын даярдоо 9-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын 2020-жылдын 21-январындагы № 1-д буйругунун 1-пунктунун экинчи-онунчу абзацтары күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин маалыматтык камсыздоо бөлүмү:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы № 117 “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын расмий жарыялоо булактары жөнүндө” токтомуна ылайык ушул буйрукту «Эркин-Тоо» гезитине жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин расмий веб-сайтына расмий жарыялоону камсыздасын.
2) расмий жарыяланган күндөн тартып үч иш күндүн ичинде мамлекеттик жана расмий тилдердеги ушул буйруктун эки нускадагы көчүрмөлөрүн, жарыялоо булагын көрсөтүү менен, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн кагаз жана электрондук түрдө жиберсин;
3) ушул буйрук күчүнө кирген күндөн тартып үч иш күндүн ичинде мамлекеттик жана расмий тилдердеги ушул буйруктун эки нускадагы көчүрмөлөрүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына маалымат үчүн жиберсин.
4. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Архив кызматы:
1) ушул буйруктун 1-пунктунда аталган кызматтарды көрсөтүү боюнча иштерди уюштурсун;
2) жогоруда аталган кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын андан ары жакшыртуу жана оптималдаштыруу боюнча чараларды көрсүн.
5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү министринин орун басарына (мамлекеттик каттоо жана архив иши маселелери боюнча) жүктөлсүн.
6. Ушул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Министр Т.О. Иманов