Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 10-февралындагы № 75 “Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Мамлекеттик адистештирилген күзөт кызматынын башкы башкармалыгын Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Күзөт кызматы деп өзгөртүп атоо жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Маанилүү режимдик объекттердин, жашоо жана тиричиликти камсыз кылуу объекттеринин коопсуздугун жана кайтарууну камсыз кылуу боюнча ички иштер органдарынын ишин уюштурууну өркүндөтүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 10-февралындагы № 75 “Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Мамлекеттик адистештирилген күзөт кызматынын башкы башкармалыгын Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Күзөт кызматы деп өзгөртүп атоо жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Күзөт кызматы жөнүндө жободо:
– 1-пунктундагы “Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Күзөт кызматы” мекемеси” деген сөздөр
“Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Күзөт кызматы” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
– 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“2. ИИМ КК мекеме уюштуруу-укуктук формасындагы юридикалык жак болуп саналат, анын өз алдынча балансы, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн мөөрү, штамптары, фирмалык бланктары, финансы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын Казыналык системасындагы эсептешүү эсеби бар, сотто доогер жана жоопкер катары чыга алат.”;
– 4-пунктундагы “, мыйзамдарын” деген сөз “Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
– 1-главасы төмөнкүдөй мазмундагы 51-пункт менен толукталсын:
“51. ИИБ катардагы жана жетекчи курамынын атайын наамдарына ээ ИИМ КК кызматкерлеринин кызмат өтөө тартиби “Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен регламенттелет.
ИИМ КК эркин жалданма курамынын кызматкерлеринин иштөө, эмгек акы төлөө тартиби жана шарттары Кыргыз Республикасынын эмгек чөйрөсүндөгү мыйзамдары менен регламенттелет.”;
– 6-пунктунда:
– төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
“– жарандардын өмүрүн, ден соолугун, укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын кылмыштуу жана башка мыйзамсыз кол салуулардан коргоо;”;
бешинчи абзацындагы “, жоруктардын жана бузуулардын” деген сөздөр “жана укук бузуулардын” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
– 7-пунктунда:
төртүнчү абзацындагы “, жоруктардын жана бузуулардын” деген сөздөр “жана укук бузуулардын” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын:
“– ички иштер органдарынын башка бөлүмдөрүнүн жана кызматтарынын кызматкерлерине кылмыштардын бетин ачууга, ошондой эле кылмыштарды жана укук бузууларды жасаган адамдарды кармоого көмөк көрсөтөт;”;
тогузунчу абзацындагы “бекемдөө” деген сөз “чыңдоо” деген сөз менен алмаштырылсын;
– 8-пунктунда:
үчүнчү, сегизинчи абзацтарындагы түрдүү жөндөмөлөрдөгү
“, жоруктардын жана бузуулардын” деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү “жана укук бузуулардын” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
тогузунчу абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“– эгерде күч колдонбогон ыкмалар ИИМ КК жүктөлгөн милдеттерди аткарууну камсыз кылбаса, “Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык кылмыштардын жана башка укук бузуулардын алдын алуу жана бөгөт коюу, аларды жасаган адамдарды кармоо үчүн, ошондой эле өзүн коргоо үчүн күчтү, атайын каражаттарды, куралды жана курал-жарактарды колдонууга;”;
он үчүнчү абзацындагы “иштеп чыгууга катышууга” деген сөздөр “иштеп чыгууга” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
– төмөнкүдөй мазмундагы он бешинчи жана он алтынчы абзацтар менен толукталсын:
“– мамлекеттик акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрдөн түзүлгөн атайын каражаттардын эсебинен ИИМ КК кызматкерлерине материалдык дем берүүгө;
– ИИМ КК кызматкерлерин алардын жазуу жүзүндөгү макулдугу менен мөөнөтүнөн ашыкча иштөөгө тартууга.”;
– 10-пунктундагы “Премьер-министри” деген сөз “Министрлер Кабинетинин Төрагасы” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
– 5-главасы төмөнкүдөй мазмундагы 101-пункт менен толукталсын:
“101. ИИМ КК начальниги жок учурда анын милдеттерин функционалдык милдеттерине ылайык ИИМ КК начальнигинин орун басары аткарат.”;
– 13-пункту:
төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы – сегизинчи абзацтар менен толукталсын:
“– кадрларды тандоону жана жайгаштырууну камсыз кылат, белгиленген кызмат орундарынын номенклатурасына ылайык ИИМ КК аттестацияланган жана эркин жалданма курамын кызмат ордуна дайындайт жана кызмат ордунан бошотот;
– Кыргыз Республикасынын ички иштер министрине Кыргыз Республикасынын ИИМдин кызмат орундарынын номенклатурасына ылайык ИИМ КК аттестацияланган курамын кызмат ордуна дайындоо же кызмат ордунан бошотуу жөнүндө сунуш киргизет;
– өзүнүн номенклатурасына ылайык аттестацияланган курамга белгиленген тартипте атайын наамдарды ыйгарат, Кыргыз Республикасынын ички иштер министрине ИИМ КК өздүк курамына “милициянын майорунан” тартып жана андан жогорку атайын наамдарды ыйгаруу жөнүндө сунуш киргизет;”;
– 15-пунктунун расмий тилдеги текстиндеги “работники” деген сөз “сотрудники” деген сөз менен алмаштырылсын;
– 17, 19-пункттарындагы “Өкмөтүнүн” деген сөз “Министрлер Кабинетинин” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
– 23-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“23. ИИМ КК жеке каражаттарынын эсебинен ИИМ КК кызматкерлерин кызматтык милдеттерин аткарууга байланышкан, бирок ички иштер органдарында андан аркы кызмат өтөө мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарбоочу жаракат алуудан жана майып болуудан жеке камсыздандырууну ишке ашырат.”;
– 24-пунктундагы “кызматкерлери” деген сөз “кызматкерлери жана жумушчулары” деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
Төрагасы А.У. Жапаров