Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги № 234 “Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын 2022/2023-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдоо жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын экономика тармактарынын жана калкынын 2022/2023-жылдардын күз-кыш мезгилинен туруктуу өтүүсүн камсыз кылуу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги № 234 “Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын 2022/2023-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдоо жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
– аталган токтомдун 8-тиркемеси бул токтомдун 1-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
– аталган токтомдун 11, 12-тиркемелери бул токтомдун
2-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
Төрагасы А.У. Жапаров