Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 8-мартындагы № 110 “Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары тарабынан расмий эскертүүнү жарыялоонун тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Ченемдик укуктук актылардагы карама-каршылыктарды четтетүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 18-мартындагы № 110 “Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары тарабынан расмий эскертүүнү жарыялоонун тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) преамбуласындагы “16-беренесинин 7-бөлүгүнө” деген сөздөр “21-беренесинин 1-бөлүгүнүн 10-пунктуна” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары тарабынан расмий эскертүүнү жарыялоонун тартиби жөнүндө нускамада:
– 1-пунктундагы “16-беренесинин 7-бөлүгүнө” деген сөздөр “21-беренесинин 1-бөлүгүнүн 10-пунктуна” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
– жогоруда аталган Нускаманын 1-тиркемесинде:
“16-беренесинин 7-бөлүгүнө” деген сөздөр “21-беренесинин 1-бөлүгүнүн 10-пунктуна” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
– жогоруда аталган Нускаманын 3-тиркемесинде:
“16” деген цифралар “21” деген цифралар менен алмаштырылсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2023-жылдын 8-январынан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
Төрагасы А.У. Жапаров