Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 27-октябрындагы № 589 токтому

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин системасынын ведомстволук уюмдарынын айрым маселелери жөнүндө


Ведомстволук уюмдардын ишин оптималдаштыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 92–95,
 230-статьяларына, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:


1. Төмөнкүлөр кайра аталсын:

1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун алдындагы “Объектилерди башкаруу дирекциясы” мамлекеттик ишканасы Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун алдындагы “Объекттерди башкаруу боюнча дирекция” мамлекеттик ишканасына;

2) Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу “Бишкек штамптоочу заводу” мамлекеттик ишканасы “Бишкек штамптоочу заводу” мамлекеттик ишканасына.

2. Төмөнкүлөр кайра уюштурулсун:

1) Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун алдындагы “Объекттерди башкаруу боюнча дирекция” мамлекеттик ишканасы ага Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун алдындагы “Элдик” жана “Туратали базары” мамлекеттик ишканаларын кошуу жолу менен;

2) “Кара-Балта сыноо, стандартташтыруу жана метрология борбору” мамлекеттик ишканасы “Кара-Балта сыноо, стандартташтыруу жана метрология борбору” мекемесине кайра түзүү жолу менен.

3. Төмөнкүлөр белгиленсин:

1) Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун алдындагы “Объекттерди башкаруу боюнча дирекция” мамлекеттик ишканасы Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун алдындагы “Элдик” жана “Туратали базары” мамлекеттик ишканаларынын укук улантуучусу болуп саналат;

2) “Кара-Балта сыноо, стандартташтыруу жана метрология борбору” мекемеси төмөнкүлөр болуп саналат:

– “Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология боюнча борбор” мамлекеттик мекемесинин аймактык бөлүмү;

– “Кара-Балта сыноо, стандартташтыруу жана метрология борбору” мамлекеттик ишканасынын укук улантуучусу.

4. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун алдындагы “Объекттерди башкаруу боюнча дирекция” мамлекеттик ишканасынын уставы 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.

5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын
 17-февралындагы № 111 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун алдында “Объектилерди башкаруу дирекциясы” мамлекеттик ишканасын түзүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

– 2-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;

– жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун алдындагы “Объектилерди башкаруу дирекциясы” мамлекеттик ишканасынын уставы күчүн жоготту деп таанылсын.

6. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
 2021-жылдын 10-декабрындагы № 300 “Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрүнүн жана уюмдарынын маселелери жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 1-пункттун 16-пунктчасындагы “Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу” деген сөздөр алып салынсын;

2) 7-тиркеме ушул токтомдун 2-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;

3) 16-тиркемеде:

– аталышындагы “Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу” деген сөздөр алып салынсын;

– 5, 6-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“5. Ишкананын толук фирмалык аталышы:

– мамлекеттик тилде: “Бишкек штамптоочу заводу” мамлекеттик ишканасы”;

– расмий тилде: “Государственное предприятие “Бишкекский штамповочный завод”.

6. Ишкананын кыскартылган фирмалык аталышы:

– мамлекеттик тилде: “БШЗ” МИ”;

– расмий тилде: ГП “БШЗ”.”.

7. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд белгиленген тартипте:

1) ушул токтомдун 2-пунктунда көрсөтүлгөн кайра уюштурулуучу юридикалык жактардын өткөрүп берүү актыларын бекитсин;

2) төмөнкүлөрдү мамлекеттик кайра каттоодон өткөрсүн:

– Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун алдындагы “Объекттерди башкаруу боюнча дирекция” мамлекеттик ишканасын; 

– “Бишкек штамптоочу заводу” мамлекеттик ишканасын;

– “Кара-Балта сыноо, стандартташтыруу жана метрология борбору” мекемесин;

3) өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;

4) ушул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.

8. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын  29-сентябрындагы № 551 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун алдындагы “Туратали базары” мамлекеттик ишканасынын уставын бекитүү жөнүндө” токтому;

2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 2-февралындагы № 35 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун алдындагы “Элдик” мамлекеттик ишканасын түзүү жөнүндө” токтомунун 2-пункту;

3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-октябрындагы № 643 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 17-февралындагы № 111 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун алдында “Мүлк” мамлекеттик ишканасын түзүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтому;

4) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-августундагы № 383 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 17-февралындагы № 111 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун алдында “Мүлк” мамлекеттик ишканасын түзүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтому; 

5) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын  17-февралындагы № 82 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтомунун 1-пунктунун үчүнчү –сегизинчи абзацтары;

6) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 18-августундагы № 146 “Кыргыз Республикасынын Инвестициялар министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрүнүн маселелери жөнүндө” токтомунун 1-пункту;

7) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 341 “Мамлекеттик мекемелер жана ишканалар тарабынан ажыратылган түстүү жана кара металлдардын сыныктарын жана калдыктарын кабыл алуу маселелери жөнүндө” токтомунун 4-пункту.

9. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

10. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.



Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы                                                                        А.У. Жапаров


Тиркемелер

Басып чыгаруу