КР Министрлер Кабинетинин 16.03.23 №112-б тескемеси

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 15-мартындагы № 42 тескемесин ишке ашыруу максатында, «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесинин 2-бөлүгүнө, Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин № 25 тиркемесинин Сатып алууларды жөнгө салуу тартиби жөнүндө протоколунун 31-пунктуна, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын  13, 17-беренелерине ылайык:

1. Мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүүдө, ушул тескеменинтиркемесине ылайык тизме боюнча, чет мамлекеттерде чыгарылгантоварларды улуттук режимден алып салуу белгиленсин (мындан ары –тизме).

2. Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлгөн, ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген товарлардын келип чыгышыжөнүндө сертификаты бар тизмеге ылайык товарларга мамлекеттик сатып алууга катышууга уруксат берилсин.

3. Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинен каржылануучу мамлекеттик органдарга, бюджеттик уюмдарга жана мамлекеттик мекемелерге, жергиликтүү бюджеттен каржылануучу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, атайын эсептери жана фонддордун каражаттары бар уюмдарга, ошондой эле мамлекеттик каражаттардын, мамлекеттик органдардын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын каражаттарынын эсебинен түзүлгөн башка юридикалык жактарга бекитилген республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин алкагында ушул тескеменин 1-пунктунда бекитилген тизмеге ылайык товарларды ата мекендик өндүрүүчүлөрдөн бир булактан методу менен сатып алууну жүргүзүү жөнүндө талаптар белгиленсин.

4. Мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүүдө Кыргыз Республикасынын өндүрүүчүлөрүндө тизмеде көрсөтүлгөн товарлардын зарыл болгон көлөмүн өндүрүүгө мүмкүнчүлүгү жок болгон учурда, чет мамлекеттерден чыгарылган, чет өлкөлүк берүүчүлөр тарабынан жеткирилген товарларга улуттук режим колдонулат.

5. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги ушул тескемеден келип чыгуучу мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү улуттук режимден алып салууну белгилөө жөнүндө Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттерге жана Евразия экономикалык комиссиясына кабарлоо менен байланышкан зарыл болгон жол-жоболорду жүргүзсүн.

6. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

7. Бул тескеме кол коюлган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет жана эки жыл бою колдонулат.

 

Кыргыз Республикасынын 

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы       А.У. Жапаров 

 

Тиркемелер

Басып чыгаруу