Экспорттук контролдоо максатында жүргүзүлүүчү товарларды жана технологияларды көз карандысыз идентификациялоо системасы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын контролдонуучу продукцияларынын улуттук контролдоо тизмесине киргизилген чийки заттардын жана материалдардын, жабдуулардын жана технологиялардын, илимий-техникалык маалыматтардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн, кош багыттагы продукциялардын түрлөрүнө жана интеллектуалдык иштин натыйжаларына карата тышкы экономикалык ишти контролдоо механизмин өркүндөтүү максатында, “Экспорттук контроль жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 8-беренелерине, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Контролдонуучу продукцияны идентификациялоо укугуна уюмдар тарабынан уруксат алуунун эрежелери 1-тиркемеге ылайык;
– Экспорттук контролдоо максатында контролдонуучу продукцияны идентификациялоо жөнүндө жобо 2-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги төмөнкүлөрдү ишке ашырсын:
– жалпы методикалык жетектөөнү жана лицензиялык талаптардын сакталышын мамлекеттик контролдоону;
– контролдонуучу продукцияны идентификациялоо укугуна уруксат алган уюмдардын реестрин жүргүзүүнү.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
Төрагасы А.У. Жапаров