КР Министрлер Кабинетинин 26.12.2023-ж. № 708 токтому

2024-жылдын дем алыш күндөрүн которуу жөнүндө

Дем алыш жана жумуш эмес майрам күндөрүн рационалдуу пайдалануу максатында, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 113-статьясына, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат: 

  1. Беш күндүк иш жуманын графиги боюнча иштеген, мамлекеттик бюджеттен каржылануучу мамлекеттик жана муниципалдык уюмдардын, мекемелердин жана ишканалардын кызматкерлери үчүн төмөнкүдөй белгиленсин:
  2. 2024-жылдын 1–7-январы дем алыш күндөрү болуп жана которулсун:
  3. 2024-жылдын 8-январындагы дем алыш күнү – 2024-жылдын 2-январындагы иш күнүнө;
  4. 2024-жылдын 27-январындагы дем алыш күнү – 2024-жылдын 3-январындагы иш күнүнө;
  5. 2024-жылдын 2-мартындагы дем алыш күнү – 2024-жылдын
     4-январындагы иш күнүнө;
  6. 2024-жылдын 2-сентябрындагы дем алыш күнү –
     2024-жылдын 5-январындагы иш күнүнө;
  7. 2024-жылдын 21–24-марты дем алыш күндөрү болуп жана 2024-жылдын 8-апрелиндеги дем алыш күнү 2024-жылдын
     22-мартындагы иш күнүнө которулсун;
  8. 2024-жылдын 2 жана 3-майы дем алыш күндөрү болуп жана которулсун:
  9. 2024-жылдын 6-майындагы дем алыш күнү – 2024-жылдын
     2-майындагы иш күнүнө;
  10. 2024-жылдын 11-майындагы дем алыш күнү – 2024-жылдын
     3-майындагы иш күнүнө;
  11. 2024-жылдын 10-апрели – Орозо айт, 2024-жылдын 17-июну – Курман айт дем алыш майрам күндөрү болуп.
  12. Беш күндүк иш жуманын графиги боюнча иштеген жеке менчик түрүндөгү юридикалык жактардын жетекчилерине бул токтомдун 1-пунктуна ылайык дем алыш күндөрүн которуу сунушталсын.
  13. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.


Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы                                                                        А.У. Жапаров


Тиркемелер

Басып чыгаруу