Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 23-августундагы № 470 «Юридикалык жактарды жана алардын филиалдарын (өкүлчүлүктөрүн) мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жана ишинин токтотулганын каттоо үчүн жыйымдардын өлчөмү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексинин 45-беренесин ишке ашыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 23-августундагы № 470 «Юридикалык жактарды жана алардын филиалдарын (өкүлчүлүктөрүн) мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жана ишинин токтотулганын каттоо үчүн жыйымдардын өлчөмү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
– 1-пунктта:
1-пунктчадагы «1200», «2500», «3200» деген цифралар тиешелүү түрдө «2581», «3581», «4581» деген цифраларга алмаштырылсын;
2-пунктчадагы «1700», «3000», «3700» деген цифралар тиешелүү түрдө «4281», «5281», «6481» деген цифраларга алмаштырылсын;
3-пунктчадагы «940», «1880», «2820» деген цифралар тиешелүү түрдө «3150», «4250», «4950» деген цифраларга алмаштырылсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
Төрагасы А.У. Жапаров