Нотариалдык иш маселелери жөнүндө
“Нотариат жөнүндө” Кыргыз Республикасынынын Мыйзамынын 116-беренесинин 6-бөлүгүн ишке ашыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Кыргыз Республикасынын нотариустары тарабынан нотариалдык иш-аракеттерди жасоо тартиби жөнүндө нускама
1-тиркемеге ылайык;
2) Эркиндигинен ажыратуу же камакта кармоо жайларынын начальниктери тарабынан керээздерди жана ишеним каттарды күбөлөндүрүүнүн тартиби жөнүндө нускама 2-тиркемеге ылайык;
3) Ооруканаларда, госпиталдарда, башка стационардык дарылоо мекемелеринде жана социалдык коргоо мекемелеринде керээздерди жана ишеним каттарды күбөлөндүрүү тартиби жөнүндө нускама 3-тиркемеге ылайык;
4) Аскер бөлүктөрүнүн, бирикмелердин, мекемелердин жана аскердик окуу жайларынын командирлери (башчылары) тарабынан мурастарды жана ишеним каттарды күбөлөндүрүү тартиби жөнүндө нускама 4-тиркемеге ылайык;
5) Нотариалдык иш-аракеттерди электрондук түрдө жасоо жана электрондук документтерди пайдалануу тартиби 5-тиркемеге ылайык;
6) Нотариалдык иш-аракеттерди аралыктан жасоонун тартиби 6-тиркемеге ылайык;
7) Жеке нотариалдык кеңсенин жана нотариалдык бюронун жайына карата талаптар, аларды каттоо тартиби 7-тиркемеге ылайык.
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 20-апрелиндеги № 179 «Нотариалдык иш жүргүзүү маселелери жөнүндө» токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 18-апрелиндеги № 222 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 20-апрелиндеги № 179 «Нотариалдык иш жүргүзүү маселелери жөнүндө» токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу» токтому;
3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 30-мартындагы № 172 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 20-апрелиндеги № 179 «Нотариалдык иш жүргүзүү маселелери жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтому;
4) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-августундагы № 461 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтомунун 2-пункту;
5) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 22-июнундагы № 398 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтомунун 6-пункту;
6) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 20-июнундагы № 290 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 20-апрелиндеги № 179 «Нотариалдык иш жүргүзүү маселелери жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому;
7) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 1-декабрындагы № 586 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн нотариалдык иш чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомунун 1-пункту.
3. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
Төрагасы А.У. Жапаров