КР Министрлер Кабинетинин 17.01.24 ж. №10 токтому

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-мартындагы № 131 “Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 289, 297, 298 жана 299-беренелеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн ишине жагымдуу шарттарды түзүү жана колдоо максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-мартындагы № 131 “Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 289, 297, 298 жана 299-беренелеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

– жогоруда аталган токтомдун 10-тиркемесинде:

төмөнкүдөй мазмундагы саптар менен толукталсын:

1209 29 450 0

Шалбаа ат коногунун үрөнү, вика үрөнү; POA (POA PALUSTRIS L., POA TRIVIALIS L.) өсүмдүктөрүнүн түрлөрүнүн үрөндөрү; ежи курамасынын (DACTYLIS GLOMERATA L.); себүү үчүн полевицанын үрөндөрү (AGROSTIS) 

1209 29 800 0

Себүү үчүн тоют үрөндөрү; себүү үчүн кылкансыз түбү бош өсүмдүктөрдүн жана себүү үчүн житняктын үрөндөрү

1209 25 900 0

Себүү үчүн талаа райграсы

1209 23 110 0

Себүү үчүн талаа сулусу

”;

– жогоруда аталган токтомдун 11-тиркемеси ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 11 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-мартындагы № 131 “Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 289, 297, 298 жана 299-беренелеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу” токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.


Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы                                     А.У. Жапаров

Тиркемелер

Басып чыгаруу