Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) электрондук формада мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жана ишин токтотууну каттоо тартибин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2019-жылдын11-январындагы № 1 “2019-жылды Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы деп жарыялоо жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 31-мартындагы № 178 “Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоонун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтому менен бекитилген Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) каттоонун тартиби жөнүндө жобонун 6-пунктун жетекчиликке жана эске алып, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) электрондук формада мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жана ишин токтотууну каттоо тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) электрондук формада мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жана ишин токтотууну каттоо тартиби жөнүндө калк арасында түшүндүрүү жана маалымдоо иштерин жүргүзсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмɵтүнүн 2019-жылдын 26-февралындагы № 94 “Юридикалык жактарды электрондук формада мамлекеттик каттоо боюнча пилоттук долбоорду жүргүзүү жөнүндө” токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети жумуш күн өткөндөн кийин күчүнɵ кирет.
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
Төрагасы А.У. Жапаров