«Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомунун, «Кыргызалтын» ачык акционердик коомунун жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ортосундагы Алтынды жана күмүштү сатуу жөнүндө кайра каралган келишимдин долбоорун жактыруу тууралуу
«Центерра Голд Инк» компаниясынын «Кумтөр» долбоорунан чыгуусуна байланыштуу Кумтөр кенинин үзгүлтүксүз жана натыйжалуу иштешин камсыз кылуу максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. «Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомунун, «Кыргызалтын» ачык акционердик коомунун жана Кыргыз Республикасынын атынан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ортосундагы Алтынды жана күмүштү сатуу жөнүндө кайра каралган келишимдин долбоору ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда жактырылсын.
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 5-июнундагы № 355 «Кумтөр» долбоору боюнча жаңы шарттар жөнүндө макулдашуудан келип чыккан макулдашуулардын жана келишимдердин долбоорлорун жактыруу тууралуу» токтомунун 1-пунктунун төртүнчү абзацы;
2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 8-октябрындагы № 207 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети, «Кыргызалтын» ачык акционердик коому менен «Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомунун ортосундагы 2009-жылдын 6-июнундагы «Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомунун атынан «Кумтөр Оперейтинг Компани» жабык акционердик коому менен Кыргыз Республикасынын атынан «Кыргызалтын» ачык акционердик коомунун жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы алтынды жана күмүштү сатуу жөнүндө кайра каралган келишимге кошумча макулдашуунун долбоорун жактыруу жөнүндө» токтому.
3. «Кумтөр Голд Компани», «Кумтөр Оперейтинг Компани» жабык акционердик коомдоруна, «Кыргызалтын» ачык акционердик коомуна, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрүү сунушталсын.
4. Кыргыз Республикасынын министрликтери жана административдик ведомстволору ишти уюштурсун жана ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
6. Бул токтом кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет жана расмий жарыяланууга тийиш.
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
Төрагасы А.У. Жапаров