Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 336, 345-беренелеринин талаптарын ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
– 1-пункттун биринчи абзацындагы “2023 -жылдын” деген сөздөр “2024-жылдын” деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-февралындагы № 94 “Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 336 жана 345-беренелеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 3-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“3. Акциздик жыйымдын маркасы менен төмөнкүлөр маркаланууга тийиш деп белгиленсин:
– 2023-жылдын 1-январынан тартып ТЭИ ТН 2203 товардык позициясында классификациялануучу куюлган жана куюлбаган сыра жана Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 334-беренесинин 1-бөлүгүнүн 6–8-пункттарында көрсөтүлгөн тамеки буюмдары;
– 2024-жылдын 1-апрелинен тартып ТЭИ ТН 2202 товардык позициясында классификациялануучу суулар, анын ичинде кант кошулмаларын же башка таттуу кылуучу, даам-жыпар жыт берүүчү заттарды камтыган минералдык жана газдалган суулар;
– 2027-жылдын 1-январынан тартып ТЭИ ТН 2202 товардык позициясында классификациялануучу улуттук суусундуктар (бозо, максым жана жарма) КМС 891:2003 “Бозо” суусундугу” Техникалык шарттарына” жана КМС 980:2021 “Максым” жана “Жарма” улуттук суусундуктары” Техникалык шарттарына” ылайык жана балдар тамак-ашы Бажы бирлигинин “Тамак-аш азыктарынын коопсуздугу жөнүндө” техникалык регламентине (ТР ТС 021/2011) ылайык (мамлекеттик каттоо жөнүндө тиешелүү күбөлүгү болсо).
Ушул пунктта көрсөтүлгөн маркаланбаган акциздик товарлардын калдыктарын жүгүртүүгө маркалоо киргизилген датадан тартып 6 ай өткөндөн кийин тыюу салынат, буга жүгүртүүгө тыюу салуу мөөнөтү 2025-жылдын 1-январынан тартып белгиленген ТЭИ ТН 2202 товардык позициясында классификациялануучу суулар, анын ичинде кант кошулмаларын же башка таттуу кылуучу, даам-жыпар жыт берүүчү заттарды камтыган минералдык жана газдалган суулар кирбейт.”;
2) 4-пункттун үчүнчү абзацындагы “2024-жылдын” деген сөздөр “2026-жылдын” деген сөздөргө алмаштырылсын;
3) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында акциздик жыйым маркаларын берүү жана колдонуу тартиби жөнүндө жободо:
– 7-пункттун экинчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: “Чаптоочу жер бөтөлкөнү, кутуну же башка идишти ачуу убагында акциздик марка айрылгыдай болуп аныкталууга тийиш, буга ТЭИ ТН 2202 товардык позициясында классификациялануучу суулар, анын ичинде кант кошулмаларын же башка таттуу кылуучу, даам-жыпар жыт берүүчү заттарды камтыган минералдык жана газдалган суулар үчүн бөтөлкө же башка идиш кирбейт.”;
– төмөнкүдөй мазмундагы 7ˡ-пункт менен толукталсын:
“7ˡ. ТЭИ ТН 2202 товардык позициясында классификациялануучу сууларды, анын ичинде кант кошулмаларын же башка таттуу кылуучу, даам-жыпар жыт берүүчү заттарды камтыган минералдык жана газдалган сууларды маркалоо капкагына же продукцияны ачуу үчүн арналган жерге жүргүзүлөт. ТЭИ ТН 2202 товардык позициясында классификациялануучу, бир жолку пайдалануу үчүн арналган алюминий банкага же тетрапакка куюлган продукцияга маркалоого идиштин бетинин каалаган тегиз бөлүгүнө жол берилет.”;
– төмөнкүдөй мазмундагы 10³-пункт менен толукталсын:
“10³. Ушул Жобонун 10ˡ жана 10²-пункттарында көрсөтүлгөн керектөө таңгактарында акциздик марканы айрыбастан таңгакты ачуу мүмкүндүгү болбошу керек. Эгерде керектөө таңгагында маркаланбаган капкактар аркылуу ачуу мүмкүндүгү бар болсо, алюминий банкаларга жана тетрапакка куюлган алкоголсуз суусундуктарды кошпогондо, бул капкактар керектөө таңгагынын өзүн бузбастан ачууга жол бербегидей болуп чапталууга тийиш.”;
– 12-пункттун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“12. Акциздик маркалар жеткирүүчү менен түзүлгөн келишимге (контрактка) ылайык мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ыйгарым укуктуу салык органынын заказы боюнча даярдалат. Акциздик маркалардын формасы жана үлгүлөрү ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан жеткирүүчү менен биргеликте иштелип чыгат. Акциздик маркалардын формасы жана үлгүлөрү ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан бекитилет.”;
– 19–21-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“19. Салык төлөөчүгө акциздик маркаларды сатуу ыйгарым укуктуу банк аркылуу маркаларды берүү же түздөн-түз маркалануучу продукцияны өндүрүүчү заводго акциздик маркаларды жөнөтүү жолу менен жүргүзүлөт. Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттерден ташып киргизилүүчү маркалануучу продукция өндүрүүчү заводдо гана маркаланууга тийиш.
Ыйгарым укуктуу банк тарабынан акциздик маркаларды берүү жөнүндө чечим төмөнкү документтер берилген учурда аймактык салык органы тарабынан кабыл алынат:
– арыз-эсеби (ушул Жобонун 1-тиркемесине ылайык 2 нускада). Салык төлөөчүнүн арыз-эсебине өндүрүлүүчү жана/же импорттолуучу акциздик товарлардын аталыштарын көрсөтүү менен ушул Жобонун 2-тиркемесине ылайык акциздик буюмдарды өзгөчөлөө тиркелет. Арыз-эсебинин жана акциздик буюмдарды өзгөчөлөөнүн бир нускасы салык төлөөчүгө кайтарылып берилет, экинчи нускасы салык кызматынын органында калат;
– акциздик продукцияны ташып киргизүүгө жана/же сатууга лицензиянын көчүрмөсү (акциздик продукциянын лицензиялануучу түрлөрү үчүн);
– маркалануучу продукциянын бардык санына акциз салыгы төлөнгөндүгүн же банктык кепилдикти жана акциздик маркалардын номиналдык наркы төлөнгөндүгүн ырастоочу төлөм документтеринин көчүрмөсү жана түп нускасы. Төлөм документинин көчүрмөсү же банктык кепилдиктин түп нускасы салык кызматынын органында калат, төлөм документтеринин түп нускалары салык төлөөчүгө кайтарылып берилет.
Акциздик маркаларды чет өлкөдө маркалануучу продукцияны өндүрүүчү заводго жөнөтүү жөнүндө чечим, ыйгарым укуктуу банк тарабынан импорттолуучу маркалануучу продукцияга акциздик маркаларды берүү жөнүндө чечим ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан кабыл алынат. Ошол эле учурда ушул пункттун үчүнчү–бешинчи абзацтарында каралган документтерден тышкары салык төлөөчү тарабынан төмөнкү документтер берилет:
– ташып киргизилүүчү акциздик продукцияга инвойстор, ушул Келишим боюнча аны колдонуу мезгилинде өтүнмө алгачкы жолу берилген учурда бир жолу маркалануучу продукцияларды жеткирүүгө келишимдин түп нускасы жана салык төлөөчү тарабынан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү. Келишимдин көчүрмөсү салык кызматынын органында калат, түп нускасы салык төлөөчүгө кайтарылып берилет;
– маркалануучу продукцияны өндүрүүчү заводго анын так реквизиттерин толук көрсөтүү менен акциздик маркаларды жөнөтүү өтүнүчү менен кат.
Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттерден Кыргыз Республикасына маркалануучу алкоголдук продукцияны импорттогон салык төлөөчү ыйгарым укуктуу салык органына депозиттик төлөмдүн салынгандыгы жөнүндө квитанциянын көчүрмөсүн жана түп нускасын, ошондой эле акциздик маркаларды максаттуу колдонуу жөнүндө милдеттенмени берет.
Импорттолуучу маркалануучу продукцияга акциздик маркаларды берүү жөнүндө чечим ыйгарым укуктуу салык органы бекиткен форма боюнча 3 нускада ыйгарым укуктуу банк тарабынан түзүлөт. Акциздик маркалар ыйгарым укуктуу банк тарабынан салык төлөөчүгө чечимде көрсөтүлгөн акциздик маркалардын катар номерлерине ылайык берилет. Салык кызматынын органынын чечиминин биринчи нускасы ыйгарым укуктуу банкта, экинчиси – салык төлөөчүдө, үчүнчүсү – салык кызматынын органында калат.
Ошол эле учурда салык төлөөчүлөр алынган акциздик маркалардын номерлеринин диапазонун салык органынын чечиминде көрсөтүлгөн номерлердин диапазону менен кайра эсептөөнү жана салыштырып текшерүүнү жүргүзөт.
Салык кызматынын органдары мурда берилген банктык кепилдик боюнча акциз салыгын төлөө боюнча өндүрүүчүлөрдүн жана импорттоочулардын милдеттенмелеринин аткарылышын эсепке алууну жана контролдоону жүргүзөт.
Салык кызматынын органдары берилген банктык кепилдиктердин эсебин жүргүзөт.
Салык төлөөчү акциз салыгын белгиленген мөөнөттөрдө төлөбөгөн учурда салык кызматынын органдары банктык кепилдиктин аткарылышын контролдоого милдеттүү.
20. Акциздик маркаларды чет өлкөдө маркалануучу продукцияны өндүрүүчү заводго жөнөтүү тууралуу чечим 2 нускада түзүлөт: салык кызматынын органынын чечиминин биринчи нускасы салык кызматынын органында, экинчиси – салык төлөөчүдө калат. Ошол эле учурда ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан чет өлкөдө маркалануучу продукцияны өндүрүүчү заводго акциздик маркалардын тиешелүү партиясы жөнөтүлгөндүгү тууралуу акциздик маркаларды өндүрүүчү компанияга заказ кат жөнөтүлөт.
Акциздик маркаларды чет өлкөдө маркалануучу продукцияны өндүрүүчү заводго жөнөтүүдө акциздик маркаларды сатып алуу датасы болуп ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан акциздик маркаларды чет өлкөдө маркалануучу продукцияны өндүрүүчү заводго жөнөтүү тууралуу чечимди кабыл алынган дата саналат.
21. Чоң идиштерге куюлган алкоголдук продукцияны маркалоо үчүн акциздик маркаларды сатып алууга арыздарды тариздөөдө салык төлөөчү акциз салыгы төлөнгөндүгүн же банктык кепилдикти жана акциздик маркалардын номиналдык наркын ырастоону берет. Салык кызматынын органдары маркаланууга тийиш болгон продукциянын көлөмүн жана акциздик маркалардын номиналдык наркы төлөнгөндүгүн ырастагандан кийин салык кызматынын органы акциздик маркаларды берүү тууралуу чечим кабыл алат.”;
– 22-пункттагы “15” деген цифралар “19” деген цифраларга алмаштырылсын;
– 23-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“23. Эгерде акциздик маркаларды сатып алууга арыз-эсебин тариздөө учурунда ыйгарым укуктуу банкта зарыл болгон типтеги же сыйымдуулуктагы акциздик маркалар жок болсо же талап кылынган акциздик маркалар акциздик маркаларды өндүрүүгө заказда көрсөтүлбөсө, анда акциздик маркаларды сатып алуу учурунда акциз салыгынын иш жүзүндөгү суммасын төлөө же банктык кепилдикти берүү шарты менен ыйгарым укуктуу банкта болгон акциздик маркаларды сатууга болот. Бул үчүн ыйгарым укуктуу салык органы маркалануучу продукцияны болгон акциздик маркалар менен белгилөөгө маркалануучу продукциянын тибин, сыйымдуулугун жана аталышын көрсөтүү менен жазуу жүзүндөгү уруксатты салык төлөөчүгө – акциздик маркаларды сатып алуучуга, ыйгарым укуктуу банкка, салык төлөөчүнүн – акциздик маркаларды сатып алуучунун салыктык катталган жери боюнча салык кызматынын органына, бажы иши, экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга жана этил спиртин, алкоголдук жана спирт камтыган продукцияны өндүрүү жана жүгүртүү, ошондой эле тамеки буюмдарын жүгүртүү чөйрөсүндөгү контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жөнөтөт.”;
– 26-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
– 29-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“29. Акциздик маркаларды колдонгон ишканаларда жетекчинин буйругу менен акциздик маркалардын сакталышы үчүн жооптуу кызмат адамы дайындалат. Кызмат адамы продукцияны белгилөө үчүн акциздик маркаларды кол койдуруу менен берет жана жөнөтүлгөн продукциянын жана акциздик маркалардын тибин, сыйымдуулугун, аталышын, номерлерин жана аларды алуучунун аты-жөнүн жазуу менен берилген маркалардын эсебин жүргүзөт.”;
– 31-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“31. Маркалануучу продукцияны өндүрүү/импорттоо токтотулган учурда өндүрүүчү/импорттоочу колдонулбаган бардык акциздик маркаларды ыйгарым укуктуу банкка кайтарып берүүгө милдеттүү.
Колдонулбаган акциздик маркаларды кайтарып берүү жол-жоболорун жүргүзүү үчүн маркалануучу продукцияны өндүрүүчү/импорттоочу акциздик маркаларды алган жери боюнча салык кызматынын органына төмөнкү документтерди берүүгө милдеттүү:
– акциздик маркаларды кайтарып берүүнүн себептерин көрсөтүү менен жана кийин акциздик маркаларды сатып алууда төлөнгөн акциз салыгын кайрадан пайдаланууга уруксат берүү өтүнүчү менен жазуу жүзүндөгү арызды;
– маркалануучу продукциянын түрүн аныктоочу серияларды, кайтарып берилүүчү акциздик маркалардын сыйымдуулуктарын жана катар номерлерин көрсөтүү менен кагаздагы жана электрондук түрдөгү реестрди;
– акциздик маркаларды берүү тууралуу чечимдин нускасын.
Салык кызматынын органы бир айлык мөөнөттө жогоруда аталган документтерди текшерүүнү жүргүзөт жана ыйгарым укуктуу банкка акциздик маркаларды кайтарып берүү жөнүндө 3 нускада түзүлүүчү чечимди кабыл алат. Акциздик маркаларды кайтарып берүү жөнүндө чечимдин биринчи нускасы ыйгарым укуктуу банкта, экинчиси – акциздик маркаларды сатып алуучуда, үчүнчүсү – салык кызматынын органында калат.”;
– 32-пункттун экинчи абзацынын экинчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: “Ошол эле учурда акциздик маркалардын номиналдык наркы кайтарылып берилбейт, ал эми акциз салыгынын суммасы ашыкча төлөнгөн катары эсептелет, ал продукциянын тиешелүү түрүнүн акциздик маркаларын кийин алууда акциз салыгын төлөө үчүн гана колдонулушу мүмкүн.”;
– 33-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“33. Маркалануучу продукцияны өндүрүүчү заводдо чаптоо процессинде акциздик маркалар бузулган учурда бузулуунун себептерин, бузулган акциздик маркалардын санын жана типтерин көрсөтүү менен акт түзүлөт. Өндүрүүчү/импорттоочу бузулган акциздик маркаларды ыйгарым укуктуу банкка кайтарып берүүгө милдеттүү.
Кайтарып берүү жол-жобосун жүргүзүү үчүн өндүрүүчү/импорттоочу акциздик маркаларды алган жери боюнча салык кызматынын органына төмөнкүдөй документтерди берүүгө милдеттүү:
– акциздик маркалардын бузулганы жөнүндө актыны;
– маркалануучу продукциянын түрүн аныктоочу серияларды, кайтарып берилүүчү акциздик маркалардын сыйымдуулуктарын жана катар номерлерин көрсөтүү менен кагаздагы жана электрондук түрдөгү реестрди.
Салык кызматынын органы бир айлык мөөнөттө жогоруда аталган документтерди текшерүүнү жүргүзөт жана ыйгарым укуктуу банкка салык кызматынын органдары бекиткен форма боюнча бузулган акциздик маркаларды кайтарып берүү жөнүндө 3 нускада түзүлүүчү чечимди кабыл алат. Акциздик маркаларды кайтарып берүү жөнүндө чечимдин биринчи нускасы ыйгарым укуктуу банкта, экинчиси – салык төлөөчүдө, үчүнчүсү – салык кызматынын органында калат.
Продукциянын түрүн, сыйымдуулугун аныктоочу сериялары, баалардын диапазону жана катар номерлери көзгө толук көрүнбөгөн жана электрондук-маалыматтык элементи идентификацияланбаган акциздик маркалар ыйгарым укуктуу банкка кайтарылып берилбейт.
Акциздик маркалар бузулганда ыйгарым укуктуу банк кабыл алган акциздик жыйымдын бузулган маркалары жок кылуу актысына ылайык комиссиялык түрдө жок кылынган учурда акциз төлөнбөйт. Бузулган маркалардын ордуна акциздик маркалардын номиналдык наркы төлөнгөн шартта бузулган маркалардын акциз салыгынын суммасына акциз салыгын кайрадан төлөбөстөн жаңы акциздик маркалар берилет.”;
– 35-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“35. Ыйгарым укуктуу банк колдонулбаган акциздик маркаларды кабыл алгандан жана/же маркалануучу продукцияны белгилөө үчүн жараксыз акциздик маркалар комиссиялык түрдө жок кылынгандан кийин ушундай акциздик маркалар боюнча төлөнгөн акциз салыгынын суммасы салык кызматынын органдары/бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан ашыкча төлөнгөн катары эсептелет, ал продукциянын тиешелүү түрүнүн акциздик маркаларын алуу үчүн гана колдонулушу мүмкүн.”;
– 2-пункттун 5-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
– 12-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“12. Ыйгарым укуктуу салык органы импорттоочу тарабынан депозиттик эсепке акча каражаттарын салуу же банктык кепилдик берүү боюнча милдеттенмелердин аткарылышын эсепке алат жана контролдойт. Импорттоочу тарабынан салынган акча каражаттарын же берилген банктык кепилдикти эсепке алуу үчүн ыйгарым укуктуу салык органы милдеттенмелерди аткаруунун суммаларынын реестрин жүргүзөт.”;
– 13-пункттун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“13. Реестр төмөнкүлөр үчүн багытталган:”;
– 14-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
– 16-пунктта “жеке карточканы ачуу” деген сөздөр “реестрге киргизүү” деген сөздөргө алмаштырылсын;
– 17-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“17. Депозиттик төлөмдөр боюнча реестр ар бир календардык жылга ачылат. Каражаттардын калдыгы кийинки жылга которулат. Депозиттик төлөмдөр боюнча реестрде милдеттүү түрдө төмөнкү реквизиттер көрсөтүлөт:
– салык төлөөчүнүн толук аталышы;
– салык төлөөчүнүн ИСНи.”;
5) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлүүчү жана Кыргыз Республикасынын аймагына ташып киргизилүүчү айрым акциздик товарларга акциз салыгынын ставкаларында:
– 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“
11 | Улуттук суусундуктарды (бозо, максым жана жарма) КМС 891:2003 “Бозо” суусундугу” Техникалык шарттарына” жана КМС 980:2021 “Максым” жана “Жарма” улуттук суусундуктары” Техникалык шарттарына” ылайык жана балдар тамак-ашын Бажы бирлигинин “Тамак-аш азыктарынын коопсуздугу жөнүндө” техникалык регламентине (ТР ТС 021/2011) ылайык (мамлекеттик каттоо жөнүндө тиешелүү күбөлүгү болсо) кошпогондо, ТЭИ ТН 2202 товардык позициясында классификациялануучу суулар, анын ичинде кант кошулмаларын же башка таттуу кылуучу, даам-жыпар жыт берүүчү заттарды камтыган минералдык жана газдалган суулар | 0 сом/ литр | 1 сом/ литр | 2 сом/ литр | 3 сом/ литр |
”;
- төмөнкүдөй мазмундагы 11, 12-пункттар менен толукталсын:
“
11 | ТЭИ ТН 2202 товардык позициясында классификациялануучу улуттук суусундуктар (бозо, максым жана жарма) КМС 891:2003 “Бозо” суусундугу” Техникалык шарттарына” жана КМС 980:2021 “Максым” жана “Жарма” улуттук суусундуктары” Техникалык шарттарына” ылайык жана балдар тамак-ашы Бажы бирлигинин “Тамак-аш азыктарынын коопсуздугу жөнүндө” техникалык регламентине (ТР ТС 021/2011) ылайык (мамлекеттик каттоо жөнүндө тиешелүү күбөлүгү болсо) | 0 сом/ литр | ||||
12 | 2024-жылдын 1-апрелинен тартып ТЭИ ТН 2202 товардык позициясында классификациялануучу энергетикалык, алкоголсуз суусундуктар | 6 сом/литр |
”.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 22-февралындагы № 94 “2026-жылга чейин Кыргыз Республикасынын бизнести өнүктүрүү программасын бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасынын бизнести өнүктүрүү программасын ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин иш-чаралар планында:
– 1.1.26-пунктча күчүн жоготту деп таанылсын.
4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 125 “Товарлардын айрым түрлөрүн санариптик идентификациялоо каражаттары менен маркалоо боюнча пилоттук (эксперименттик) долбоорду узартуу жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
– 2-пункттагы “2023-жылдын” деген сөздөр “2024-жылдын” деген сөздөргө алмаштырылсын.
5. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2024-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
Төрагасы А.У. Жапаров