2023-2025-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программасынын долбоору жөнүндө жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 8-июлундагы № 941-V токтому менен бекитилген Мамлекеттештирилген объекттерди натыйжалуу башкаруу жана тескөө боюнча программага өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
"Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. 2023-2025-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программасынын долбоору тиркемеге ылайык жактырылсын.
2. Бул токтомдун 1-пункту менен жактырылган 2023-2025-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программасынын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
Караңыз:
КР Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 1-мартындагы N 999-VII "2023-2025-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программасынын бекитүү жана "Мамлекеттештирилген объекттерди натыйжалуу башкаруу жана тескөө боюнча программаны бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 8-июлундагы N 941-V токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 8-июлундагы № 941-V "Мамлекеттештирилген объекттерди натыйжалуу башкаруу жана тескөө боюнча программаны бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөрдү киргизүү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен суралсын:
жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Мамлекеттештирилген объекттерди натыйжалуу башкаруу жана тескөө боюнча программада:
- Мамлекеттештирилген объекттерди натыйжалуу башкаруу жана тескөө боюнча программанын "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан тиешелүү чечим кабыл алынганга чейин мамлекеттин менчигинде болуучу объекттердин тизмеги" 1-тиркемесинде:
37-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
- Мамлекеттештирилген объекттерди натыйжалуу башкаруу жана тескөө боюнча программанын "Менчиктештирилүүгө жаткан объекттердин тизмеги" 2-тиркемеси:
төмөнкүдөй мазмундагы 38-пункт менен толукталсын:
"
38 | "Пирамида" телерадиокомпаниясы" ЖЧКнын үлүшүнүн 100% |
".
4. Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары жана Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун төрагасы 2023-2025-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программасынын долбоору жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 8-июлундагы № 941-V токтому менен бекитилген Мамлекеттештирилген объекттерди натыйжалуу башкаруу жана тескөө боюнча программага өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө маселе Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин расмий өкүлдөрү болуп дайындалсын.
5. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд 2023-2025-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программасынын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 25-июнундагы № 3966-VI токтому менен бекитилген 2020-2022-жылдарга Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программасынын аткарылышы жөнүндө отчет берсин.
6. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 22-июнундагы № 350 "2020-2022-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программасынын долбоору тууралуу жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 8-июлундагы № 941-V токтому менен бекитилген Мамлекеттештирилген объекттерди натыйжалуу башкаруу жана тескөө боюнча программага өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 8-июлундагы № 62 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 22-июнундагы № 350 "2020-2022-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программасынын долбоору тууралуу жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 8-июлундагы № 941-V токтому менен бекитилген Мамлекеттештирилген объекттерди натыйжалуу башкаруу жана тескөө боюнча программага өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-июнундагы № 324 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 22-июнундагы № 350 "2020-2022-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программасынын долбоору тууралуу жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 8-июлундагы № 941-V токтому менен бекитилген Мамлекеттештирилген объекттерди натыйжалуу башкаруу жана тескөө боюнча программага өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому.
7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы | А.Жапаров |
Тиркеме |
Долбоор |
2023-2025-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү
ПРОГРАММАСЫ
1-глава. 2023-2025-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү мамлекеттик саясатынын максаттары жана милдеттери
1. Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаров тарабынан 2021-жылдын 5-майында Кыргызстандын элине кайрылуусунда айтылган милдеттерди ишке ашыруу максатында мамлекеттик мүлктү башкаруу системасын реформалоо экономикалык өнүгүүнүн беш негизги багытынын бири болуп белгиленген, бул болсо түпкү максаты өнүккөн рыноктук инфраструктурасын түзүү болуп саналган башка милдеттер менен комплексте экономикада мамлекеттин катышуусун кыскартуу боюнча иш-чараларды тездетүү зарылдыгы жөнүндө күбөлөндүрүп турат.
Экономикага мамлекеттин кийлигишүүсүн минималдаштыруу жеке менчиктин кол тийбестик институттары менен катар инвестицияларды коргоо, өнүккөн атаандаштык жана өлкөнүн эл аралык соода жүргүзүүгө интеграциясы экономикалык өнүгүүнүн зарыл шарттары болуп саналат.
Ошондуктан экономиканын мамлекеттик секторун, анын ичинде мамлекеттик активдерди менчиктештирүүнүн эсебинен оптималдаштыруу рынокту жөнгө салууну болтурбоо жана активдерди кыйла натыйжалуу менчик ээлерине жана башкаруучуларга берүү боюнча чара катары каралууга тийиш.
Коммерциялык ишке мамлекеттин катышуусу экономикалык жактан конкреттүү тармакта мамлекеттик саясаттын тиешелүү артыкчылыктары менен акталууга тийиш.
2. Ушуга байланыштуу алдыдагы мезгилде 2023-2025-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жаатында мамлекеттик саясат төмөнкү учурларда мамлекеттин катышуусун сактоого багытталат:
1) товарлар (жумуштар/кызмат көрсөтүүлөр) рыногунда атаандаштык жок, же болбосо жетишсиз өнүккөндө;
2) стратегиялык маанидеги товарларды өндүрүү (жумуштарды/кызматтарды аткаруу/көрсөтүү), аларды жеке секторго аутсорсинге берүү улуттук коопсуздук, коргонуу жөндөмдүүлүгүн сактоо, укук тартибин, айлана-чөйрөнү коргоо жагынан алганда максатка ылайыктуу эмес болгондо;
3) товарларды өндүрүү, жумуштарды аткаруу жана кызматтарды көрсөтүү боюнча мамлекеттик түз заказдарды аткаруу, эгерде мындай мамлекеттик заказдарды жеке сектордо аткаруу кыйла жогору чыгымдар менен коштолсо;
4) республикалык бюджеттен субсидияланган, жалпы республикалык маанидеги социалдык багытталган, рентабелдүү эмес долбоорлорду ишке ашырууда.
2-глава. Менчиктештирилүүгө тийиш мамлекеттик менчик объекттердин тизмеси
3. Объекттин жеке, тармактык, региондук жана башка өзгөчөлүктөрүн, ошондой эле келечекте андан ары өнүгүүсүн жана рыноктун конъюнктурасын эске алуу менен анын финансылык-экономикалык абалын талдоонун негизинде мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен менчиктештирүү методу жана так мөөнөттөрү аныкталат.
4. Ушул Программага ылайык мамлекеттик менчиктин 34 объектисин менчиктештирүү жүзөгө ашырылат, алардын ичинде:
1) менчиктештирүү белгиленген тартипте сатуу жолу менен жүзөгө ашырылуучу акциялардын 13 мамлекеттик пакети/мамлекеттин үлүштөр ушул Программанын 1-тиркемесинде берилди;
2) менчиктештирүү "Аманат" улуттук холдинг компаниясы" ачык акционердик коомунун (мындан ары - "Аманат" улуттук холдинг компаниясы" ААК) уставдык капиталына салым катары киргизүү жолу менен жүзөгө ашырылуучу акциялардын 14 мамлекеттик пакети ушул Программанын 2-тиркемесинде берилген.
Ушул тизме Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 11-майындагы № 147 "Мамлекеттик үлүш катышкан чарбакер коомдорду башкаруу системасын реформалоо маселелери жөнүндө" Жарлыгын аткаруу үчүн аныкталган. Акциялардын мамлекеттик пакеттери жеке сектордо кабыл алынган корпоративдик башкаруунун стандарттарына ылайык аларды башкаруу аркылуу мамлекеттик компаниялар үчүн кошумча наркты түзүүчү түзүмдүн иштешин камсыз кылуу, мамлекеттик компанияларды дүйнөдөгү алдыңкы компаниялардын натыйжалуулугунун деңгээлине жетүүгө багыт берүү жана улуттук экономиканы өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү максатында "Аманат" улуттук холдинг компаниясы" ААКтын уставдык капиталына салым катары берилет;
3) мамлекеттин менчигиндеги акциялардын (үлүштөрдүн) 100 пайызын сактоо менен чарбакер коомго кайра уюштурулууга тийиш 1 мамлекеттик ишкана ушул Программанын 3-тиркемесинде берилген;
4) менчиктештирилүүгө тийиш 6 мүлктүк комплекс жана башка мамлекеттик мүлктөр ушул Программанын 4-тиркемесинде берилген.
3-глава. Менчиктештирүү объекттеринин наркын аныктоо
5. Менчиктештирүү объекттеринин наркын аныктоо үчүн мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамы менен белгиленген тартипте баалоочу уюмдар тартылат, алар баалоо иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзгөн иштеринин аныктыгына жана негиздүүлүгүнө жоопкерчилик тартат.
4-глава. Келишимдин шарттарын сатып алуучунун аткаруусун контролдоо
6. Менчиктештирүүдө маанилүү звено болуп түзүлгөн бүтүмдөрдүн шарттарын жаңы менчик ээсинин толук аткаруусун көзөмөлдөө саналат. Бул максатта сатуучу тараптан андан ары контролдоо менен конкурс боюнча менчиктештирилүүчү объекттерди сатып алуу-сатуу келишимдерин түзүүдө талаптар сакталат.
Конкурстун жыйынтыгы боюнча менчиктештирүү объектисин сатып алуу-сатууга түзүлгөн келишимде милдеттүү тартипте сатып алуучунун сан түрүндө чагылдырылган милдеттенмелери жана аларды аткаруунун так мөөнөттөрү каралат. Сатып алуу-сатуу келишими келишимдик милдеттенмелердин аткарылышын сатып алуучунун ырастоо тартибин, алардын аткарбоонун, же болбосо талаптагыдай эмес аткаруунун кесепетин аныктайт.
Сатып алуучу сатып алуу-сатуу келишими боюнча өз милдеттенмелерин аткарбаганда сатуучу Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдары менен белгиленген тартипте сатып алуу-сатуу келишимин бузууну, келтирилген зыяндын жана түшпөй калган пайданын ордун толтурууну талап кылууга укуктуу.
Менчиктештирүүдө түзүлгөн сатып алуу-сатуу келишимине тараптардын макулдугу боюнча өзгөртүү киргизсе болот. Мында өзгөртүүлөр сатып алуучу алган милдеттенмелерин аткарбагандыгы; сатып алуу-сатуу келишими менен аныкталган инвестициялардын жалпы көлөмүнүн кыскарышы; мүлктүн сатуу баасын азайтуу үчүн сатып алуучунун жоопкерчилигинин солгундашын караштырбайт.
Сатып алуу-сатуу келишимдеринин шарттарынын аткарылышын текшерүүнүн жыйынтыктары боюнча текшерүү акты түзүлөт. Менчиктештирүү объектин сатып алуучу сатып алуу-сатуу келишими түзүлгөн мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга сатып алуу-сатуу келишиминде эскертилген көлөмдө жана мөөнөттө маалыматты берүүгө милдеттүү болот.
5-глава. Корутунду жоболор
7. Ушул Программаны колдонуунун узак мөөнөттүү мүнөзүнө байланыштуу зарылдыгына жараша ага белгиленген тартипте өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн.
8. Менчиктештирүү жана мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү боюнча бүтүмдөрдүн жыйынтыктары жөнүндө маалымат белгиленген тартипте мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтына жайгаштырылат.
Begin_nocompare
2023-2025-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программасына |
Менчиктештирүү белгиленген тартипте акциялардын мамлекеттик пакетин жана мамлекеттин үлүштү сатуу жолу менен жүзөгө ашырылуучу объекттердин
ТИЗМЕГИ
№ | Объекттин аталышы | Уставдык капитал (миң сом) | Мамлекеттин үлүшү (%) | Менчиктештирилүүгө тийиш мамлекеттик үлүш (%) |
1. Бишкек шаары | ||||
1 | "Альфа Телеком" ЖАК | 170000 | 100,0 | 100,0 |
2 | "Кыргыз инвестициялык кредит банкы" ЖАК | 17500,0 (миң АКШ доллары) | 10,0 | 10,0 |
3 | "Бешинчи канал" ЖАК | 298,438 | 100 | 100,0 |
4 | "Эйр Кыргызстан" ААК | 393,715 | 100 | 49,0 |
5 | "Кепилдик фонду" ААК | 6632000000 | 8,77 | 8,77 |
6 | "Керемет Банк" ААК | 8698746,4 | 0,74 | 0,74 |
7 | "Бакай Банк" ААК | 2771743 | 1,2612 | 1,2612 |
8 | "Медиа-холдинг Пирамида" ЖЧК | 298,438 | 100 | 100,0 |
9 | "Сарамжал-Транс" ЖЧК | 1000,0 | 100,0 | 100,0 |
2. Чүй облусу | ||||
10 | "Военно-Антоновское спецотделение" ЖАК | 432,6 | 0,377 | 0,377 |
11 | "Кыргызское" ААК | 346,304 | 0,3856 | 0,3856 |
3. Ысык-Көл облусу | ||||
12 | "Каприз" ЖЧК | 490,0 | 28,34 | 28,34 |
13 | "СК Ресурс" ЖЧК | 10000,000 | 70,00 | 70,00 |
2023-2025-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программасына |
"Аманат" улуттук холдинг компаниясы" ачык акционердик коомунун уставдык капиталына номиналдык наркы боюнча берүүгө тийиш мамлекеттин катышуу үлүшү бар чарбалык коомдордун
ТИЗМЕГИ
№ | Объекттин аталышы | Уставдык капиталы (миң сом) | Мамлекеттик үлүш (%) | Менчиктеш-тирилүүгө тийиш мамлекеттик үлүш (%) | Эскертүү |
1 | "Айыл Банк" ААК | 100,0 | 100,0 | ||
2 | "РСК Банк" ААК | 100,0 | 100,0 | ||
3 | "Кыргызалтын" ААК | 99,0 | 99,0 | ||
4 | "Мамлекеттик ипотекалык компания" ААК | 100,0 | 100,0 | ||
5 | "Мамлекеттик камсыздандыруу уюму" ААК | 100,0 | 100,0 | ||
6 | "ТУК Шумкар" ААК | 100,0 | 100,0 | ||
7 | "Хайдаркан сымап акционердик коому" ААК | 99,98 | 99,98 | ||
8 | "Кызыл-Кыя тамекифермзаводу" ААК | 90,6 | 90,6 | ||
9 | "Кыргызнефтегаз" ААК | 85,16 | 85,16 | ||
10 | "Манас" эл аралык аэропорту" ААК | 79,05 | 79,05 | ||
11 | "Бишкек машинакуруузаводу" ААК | 75,86 | 75,86 | ||
12 | "Кыргызсуудолбоор" ААК | 51,0 | 51,0 | ||
13 | "Кавак" ААК | 100,0 | 100,0 | ||
14 | "Кыргыз фондулук биржасы" ЖАК | 6,7 | 6,7 |
2023-2025-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программасына |
Мамлекеттик менчикте 100 пайыз акцияларды (үлүштү) сактоо менен чарбалык коомдорго кайра уюштурууга тийиш мамлекеттик ишканалардын
ТИЗМЕСИ
№ | Мамлекеттик ишкананын аталышы | Ведомстволук тиешелүүлүгү |
1 | "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасы | Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги |
2023-2025-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программасына |
Менчиктештирилүүгө тийиш мүлктүк комплекстердин жана башка мамлекеттик мүлктүн
ТИЗМЕСИ
№ | Объекттин аталышы жана анын жайгашкан орду | Ведомстволук тиешелүүлүгү, жооптуу сактоочу, баланс кармоочу | Эскертүү |
1. Бишкек шаары | |||
1 | Мурунку чакан терминал перрону жана жер участогу менен | Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы № 301-т тескемесин аткаруу үчүн "Манас" эл аралык аэропорту" ААКтын уставдык капиталында мамлекеттик үлүштү көбөйтүү үчүн |
2 | "Ак Кеме" МКнын мүлк комплекси | Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун алдындагы "Объекттерди башкаруу боюнча дирекция" мамлекеттик ишканасы | Аталган объект "Кыргыз Республикасында туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду" ААКтын уставдык капиталына салым катары берилет |
3 | Навигациялык жабдуулар жана атайын техникалар | Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31 -майындагы № 301-т тескемесин аткаруу үчүн "Манас" эл аралык аэропорту" ААКтын уставдык капиталында мамлекеттик үлүштү көбөйтүү үчүн |
4 | Мурунку "Манас" ЖАКтын административдик имараты, жалпы аянты 2840,3 кв.м, Бишкек шаары, Логвиненко көчөсү, 14 | Бул объект "Айыл Банк" ААКтын уставдык капиталына салым катары киргизилет | |
2. Чүй облусу | |||
5 | Кара-Балта шаары, Толятти көчөсү, 2 дареги боюнча жайгашкан административдик имарат жана мурдагы килем комбинатынын ашканасы тиешелүү жер участогу менен | Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун алдындагы "Объекттерди башкаруу боюнча дирекция" мамлекеттик ишканасы | |
3. Жалал-Абад шаары | |||
6 | Административдик имарат, 1934-жылы курулган, Жалал-Абад шаары, Токтогул көчөсү, 51 | Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети |
End_nocompare