Жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктөрдүн түрлөрүн бекитүү тууралуу
“Жарандык абалдын актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Кыргыз Республикасынын аймагында колдонуу үчүн арналган жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо тууралуу күбөлүктөрдүн санарип форматындагы түрлөрү 1-тиркемеге ылайык;
2) Кыргыз Республикасынын аймагында жана анын чегинен тышкары жерлерде колдонуу үчүн арналган жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктөрдүн бланктарынын формалары 2-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 11-декабрындагы № 579 “Жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо тууралуу арыздардын бланктарынын формаларын, жарандык абалдын актыларын жазуу бланктарынын формаларын жана аларды толтуруу тартибин, жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо тууралуу күбөлүктөрдүн бланктарынын формаларын (сүрөттөмөлөрүн жана үлгүлөрүн) жана аларды толтуруу тартибин, жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо фактыларын ырастаган документтердин бланктарынын формаларын бекитүү жөнүндө” токтомуна ылайык даярдалган жарандык абалдын актыларын жазуу күбөлүктөрүнүн бланктарын берүү алар аяктаганга чейин жүргүзүлөт деп белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы жана Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги бул токтомдон келип чыккан тиешелүү чараларды көрсүн.
4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 11-декабрындагы № 579 “Жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо тууралуу арыздардын бланктарынын формаларын, жарандык абалдын актыларын жазуу бланктарынын формаларын жана аларды толтуруу тартибин, жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо тууралуу күбөлүктөрдүн бланктарынын формаларын (сүрөттөмөлөрүн жана үлгүлөрүн) жана аларды толтуруу тартибин, жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо фактыларын ырастаган документтердин бланктарынын формаларын бекитүү жөнүндө” токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-июнундагы № 30 “Жарандык абалдын актыларын каттоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтомунун 2-пункту;
3) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-мартындагы № 186 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 11-декабрындагы № 579 “Жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо тууралуу арыздардын бланктарынын формаларын, жарандык абалдын актыларын жазуу бланктарынын формаларын жана аларды толтуруу тартибин, жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо тууралуу күбөлүктөрдүн бланктарынын формаларын (сүрөттөмөлөрүн жана үлгүлөрүн) жана аларды толтуруу тартибин, жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо фактыларын ырастаган документтердин бланктарынын формаларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтому.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
Төрагасы А. А. Касымалиев