КР Министрлер Кабинетинин 23.04.2025-жылдагы №223 токтому

Кан же анын компоненттеринин донорлоруна акчалай компенсацияларды берүү жөнүндө 


“Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 118,
 119-беренелерин ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:


  1. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги:

– канды же анын компоненттерин акысыз тапшырган донорго тиешелүү жылга республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде эсептик көрсөткүчтүн үч өлчөмүндө тамактанууга акчалай компенсация төлөп берүүнү камсыз кылсын;

– канды же анын компоненттерин акы үчүн тапшырган донорго бир жолу кан тапшыргандыгы үчүн тиешелүү жылга республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде эсептик көрсөткүчтүн сегиз өлчөмүндө тамактанууга акчалай компенсация төлөп берүүнү камсыз кылсын;

– эки жолку плазмаферезде плазманы же анын компоненттерин  акы үчүн тапшырган донорго тиешелүү жылга республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде эсептик көрсөткүчтүн он эки өлчөмүндө тамактанууга акчалай компенсация төлөп берүүнү камсыз кылсын;

– тромбоциттердин эки дозасын акы үчүн тапшырган донорго тиешелүү жылга республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде эсептик көрсөткүчтүн он эки өлчөмүндө акчалай компенсация төлөп берүүнү камсыз кылсын;

– эки жолку плазмаферезде иммундук плазманы акы үчүн тапшырган донорго тиешелүү жылга республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде эсептик көрсөткүчтүн он алты өлчөмүндө акчалай компенсация төлөп берүүнү камсыз кылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен канды же анын компоненттерин тапшырган донорго акчалай компенсацияларды төлөөнү зарыл болгон көлөмдө өз убагында каржылоону камсыз кылсын.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын                   19-октябрындагы № 645 “Кыргыз Республикасынын Ардактуу донорлоруна жеңилдиктерди берүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине толуктоолорду киргизүү жөнүндө” токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.



Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы                                  А.А. Касымалиев


Тиркемелер

Басып чыгаруу