КР Министрлер Кабинетинин 12.05.2025 ж. №247 токтому

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 31-мартындагы № 169 “Курулуш товарларынын айрым түрлөрүн ташып келүүгө убактылуу тарифтик эмес чараны киргизүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу 

“Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын
13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат: 

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 31-мартындагы № 169 “Курулуш товарларынын айрым түрлөрүн ташып келүүгө убактылуу тарифтик эмес чараны киргизүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

– 1-пункттун экинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги:

– ушул токтом күчүнө кирген датадан тартып үч календардык күндөн кечиктирбестен Евразия экономикалык комиссиясына ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн убактылуу чектөө алып салынгандыгы жөнүндө белгиленген тартипте кабарласын;

– ушул токтом күчүнө кирген датадан тартып үч күндөн кечиктирбестен Дүйнөлүк соода уюмуна ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн убактылуу чектөө алып салынгандыгы жөнүндө белгиленген тартипте кабарласын.

3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги ушул токтом күчүнө кирген датадан тартып үч күндөн кечиктирбестен Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитетине ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн убактылуу чектөө алып салынгандыгы жөнүндө белгиленген тартипте кабарласын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

 Кыргыз Республикасынын 

Министрлер Кабинетинин 

Төрагасы                 А.А. Касымалиев

 

Тиркемелер

Басып чыгаруу