Чет өлкөлүк жарандарга “Санариптик көчмөн” (“Digital nomad”) статусун ыйгаруунун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
“Тышкы миграция жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 261 -статьясын ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Чет өлкөлүк жарандарга “Санариптик көчмөн” (“Digital nomad”) статусун ыйгаруунун тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги:
– чет өлкөлүк жарандарга “Санариптик көчмөн” (“Digital nomad”) статусун ыйгарууну белгиленген тартипте камсыз кылсын;
– “Санариптик көчмөн” (“Digital nomad”) статусунун ыйгарылышына туруктуу негизде мониторинг жүргүзүп турсун;
– зарыл учурда чет өлкөлүк жаран билдирген иштин түрүн баалоо үчүн мамлекеттик органдарды, адистештирилген компанияларды, эксперттик уюмдарды жана компетенттүү адистерди тартсын.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы чет өлкөлүк жарандардын – жеке ишкерлер катары катталган, “Санариптик көчмөн” (“Digital nomad”) статусунун ээлеринин санын эсепке алууну жүзөгө ашырсын.
4. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети эки айлык мөөнөттө ушул токтомдун 1-пункту менен бекитилген Жобону техникалык ишке ашыруу боюнча зарыл чараларды көрсүн.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 28-сентябрындагы № 619 “Идентификациялык жеке номерди ыйгаруу жана өзгөртүү тартиби жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Идентификациялык жеке номерди ыйгаруу жана өзгөртүү тартибинде:
– төмөнкүдөй мазмундагы 52 -пункт менен толукталсын:
“52 . “Санариптик көчмөн” (“Digital nomad”) статусун алган чет өлкөлүк жаранга идентификациялык жеке номер чет өлкөлүк жарандарга “Санариптик көчмөн” (“Digital nomad”) статусун ыйгаруунун алкагында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипте миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан “ЖААК” АМТда ыйгарылат.”.
6. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-августундагы № 464 “Чет өлкөлүк жарандарга “Санариптик көчмөн” (“Digital nomad”) статусун ыйгаруу боюнча пилоттук долбоорду жүргүзүү жөнүндө” токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 21-сентябрындагы № 496 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-августундагы № 464 “Чет өлкөлүк жарандарга “Санариптик көчмөн” (“Digital nomad”) статусун ыйгаруу боюнча пилоттук долбоорду жүргүзүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтому;
3) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 2-апрелиндеги № 152 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-августундагы № 464 “Чет өлкөлүк жарандарга “Санариптик көчмөн” (“Digital nomad”) статусун ыйгаруу боюнча пилоттук долбоорду жүргүзүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу” токтому.
7. Министрликтер, мамлекеттик комитет жана административдик ведомстволор өздөрүнүн актыларын ушул токтомго ылайык келтирсин жана ушул токтомду ишке ашырууну тиешелүү жылдарга республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде камсыз кылсын.
8. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
9. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы А.А. Касымалиев