Кыргыз Республикасынын жашыл таксономиясы – жалпы улуттук пилоттук классификаторун бекитүү жөнүндө
Жашыл технологиялардын, долбоорлордун, товарлардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү түшүнүгүн жана аныктамасын белгилөө, жашыл жана климаттык инвестицияларды тартуу үчүн жагымдуу чөйрөнү түзүү, анын ичинде туруктуу каржылоонун эл аралык рыногунда Кыргыз Республикасынын позициясын чыңдоо, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 284-беренесин, 297-беренесинин 22-пунктчасын ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын жашыл таксономиясы – жалпы улуттук пилоттук классификатору (мындан ары – Таксономия) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Таксономиянын пилоттук режиминин аяктоо мөөнөтү 2028-жылдын 30-июну деп аныкталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги Таксономия бекитилгенден кийин 12 айдын ичинде:
– Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы менен биргеликте товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн Таксономиянын талаптарына шайкештигин аныктоону жана идентификациялоону жөнөкөйлөтүү үчүн жашыл товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн ачык жана бирдиктүү санариптик реестрин (электрондук маалыматтар базасын) түзсүн;
– Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы менен биргеликте тышкы экономикалык иштин катышуучулары, бажы операциялары боюнча адистер жана бажы органдарынын кызматкерлери үчүн Таксономияга шайкеш келген товарлардын визуалдык маалымдамаларын иштеп чыксын;
– Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы менен биргеликте Таксономиянын ишин так аныктоо контекстинде кызматтык нускамаларды жана маалымдамаларды иштеп чыксын;
– Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги менен биргеликте көмүртектин эсебин алууну жеңилдетүү үчүн казып алынган отундун негизги түрлөрүнүн бөлүп чыгарууларынын жана башка булактардын бөлүп чыгарууларынын СО2е форматында жөнөкөйлөтүлгөн коэффициенттерин экономикалык иштин түрлөрү боюнча буулануучу газдардын чыгуусун эсепке алууда колдонуу үчүн экономикалык иштин субъекттери пайдаланган өлчөө бирдиктерине келтирилген иштеп чыксын;
– Таксономияга шайкеш келген ишти жана долбоорлорду баалоочуларга талаптарды жана уруксат берүү механизмин аныктасын;
– Таксономиянын талаптарына шайкештикти тастыктоо документинин формасын иштеп чыксын.
4. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги менен биргеликте NACE 2.1 ылайык экономикалык иштин коддорун жаңыртсын жана 3-версиянын негизинде Таксономиянын талаптарына шайкеш келген экономикалык иштин түрлөрүн гана камтыган чакан топтор кирген продукциянын мамлекеттик статистикалык классификаторунун жаңы версиясын иштеп чыксын.
5. Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча) жашыл экономиканын ишинин алкагында Таксономияны жетекчиликке алсын.
6. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги Таксономияны ишке ашыруунун сапатына жалпы мониторинг жүргүзүү үчүн жооптуу мамлекеттик орган болуп аныкталсын.
7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
8. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
Төрагасы А.А. Касымалиев