КР Министрлер Кабинетинин 05.06.2025-ж., № 322 токтому

Бешинчи стадиядагы өнөкөт бөйрөк оорусу менен ооруган бейтаптар үчүн бөйрөктү трансплантациялоо жөнүндө

Бешинчи стадиядагы өнөкөт бөйрөк оорусу менен ооруган бейтаптарга бөйрөктү трансплантациялоо боюнча операцияларды жүргүзүүнү камсыз кылуу максатында, “Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 126, 127 жана 129-беренелерине, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелеринеылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

1) Бешинчи стадиядагы өнөкөт бөйрөк оорусу менен ооруган бейтаптар үчүн бөйрөктү трансплантациялоо боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу жана ишке ашыруу тартиби 1-тиркемеге ылайык;

2) Бешинчи стадиядагы өнөкөт бөйрөк оорусу менен ооруган бейтаптар үчүн бөйрөктү трансплантациялоо боюнча кызмат көрсөтүүчү саламаттык сактоо уюмдарынын тизмеси 2-тиркемеге ылайык.

2. Бешинчи стадиядагы өнөкөт бөйрөк оорусунун диагнозу коюлган Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн бөйрөктү трансплантациялоо боюнча кызмат көрсөтүүлөр, ошондой эле операцияга чейинки жана андан кийинки дарылоо менчигинин түрүнө карабастан саламаттык сактоо уюмдары тарабынан ишке ашырылатжана медициналык жардамдын жогорку технологиялуу (кымбат баалуу) түрлөрүнүн фонду боюнча Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин бюджетинде каралган каражаттардын эсебинен каржыланат деп белгиленсин.

3. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги:

– 2025-жылдын 1-сентябрына чейинки мөөнөттө“2025–2030-жылдарга бөйрөктүн өнөкөт оорусунун профилактикалоо, диагностикалоо жана дарылоо системасын өркүндөтүү жөнүндө” мамлекеттик программанын долбоорун иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кароосуна белгиленген тартипте киргизсин;

– өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин жана ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл чараларды көрсүн.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.


Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин 

Төрагасы А.А. Касымалиев