Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 13-апрелиндеги № 201 “Кыргыз Республикасынын Аскер комиссариаттары жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерин “Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына шайкеш келтирүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 13-апрелиндеги № 201 “Кыргыз Республикасынын Аскер комиссариаттары жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын аскер комиссариаттары жөнүндө жободо:
- 2-пунктундагы “Кыргыз Республикасынын коргоо министрлигинин райондордогу, шаарлардагы аймактык органдары” деген сөздөр “райондордогу, шаарлардагы аскердик башкаруунун жергиликтүү органдары” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- бүткүл тексти боюнча түрдүү жөндөмөдөгү “Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги” деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө “коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 5-пунктунун үчүнчү абзацындагы “аскер комиссариаттарынын алдындагы” деген сөздөр алып салынсын;
- 6-пунктундагы “Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабынын Уюштуруу-мобилизациялык башкы башкармалыгы” деген сөздөр “коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын Аскердик башкаруунун жергиликтүү органдарынын башкы башкармалыгы” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 8-пунктунун биринчи абзацындагы “Уюштуруу-мобилизациялык башкы башкармалыгы” деген сөздөр “Аскердик башкаруунун жергиликтүү органдарынын башкы башкармалыгы” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 10-пунктундагы “Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабы” деген сөздөр “Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабы жана коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
12-пунктунда:
-_үчүнчү абзацындагы “Уюштуруу-мобилизациялык башкы башкармалыктын” деген сөздөр “Аскердик башкаруунун жергиликтүү органдарынын башкы башкармалыгынын” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- жыйырма тогузунчу абзацындагы “Коргоо министрлигинин” деген сөздөр “Куралдуу Күчтөрүнүн” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 15-пунктундагы “Уюштуруу-мобилизациялык башкы башкармалыгынын начальнигине - Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабынын начальнигинин орун басарына” деген сөздөр “коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын Аскердик башкаруунун жергиликтүү органдарынын башкы башкармалыгынын начальнигине” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
16-пунктунда:
- алтымыш жетинчи абзацындагы “Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабынын” деген сөздөр алып салынсын;
- жетимиш сегизинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“- аскер комиссариатынын административдик жана чарбалык ишин жетектөөгө, материалдык каражаттардын туура сарпталышын контролдоого;”;
- сексен төртүнчү абзацындагы “алгачкы аскердик жыйымдардан өтөгөндүгү үчүн Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин атайын эсебине” деген сөздөр “мобилизациялык резервдин жыйымдарынан өткөндүгү үчүн республикалык бюджеттин эсебине” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- сексен бешинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“жыйырма беш жана андан жогорку жаш курактагы жарандарды аскер бөлүктөрүндө мобилизациялык резервдин жыйымдарынан өтүү үчүн чакырууну жана жыйым пункттарына жөнөтүүнү, ошондой эле алардын кайра келүүсүн уюштурууга;”;
17-пунктунда:
- “Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин” деген сөздөр “Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын жана коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 17ˡ-пункт менен толукталсын:
“17ˡ. Аскер комиссариаттарынын жана чакыруу комиссияларынын кызмат адамдары жарандарды аскердик кызматка, альтернативдик кызматка, мобилизациялык резервге чакыруу, жарандарды альтернативдик кызматка, аскердик жана альтернативдик кызматка жараксыз деп аныктоо боюнча мыйзамсыз чечими үчүн жоопкерчиликтин тиешелүү түрүнө тартылышат.”;
- 20-пунктунун бүткүл тексти боюнча түрдүү жөндөмөдөгү “Республикалык топтоо пункту” деген сөздөр тийиштүү жөндөмөдө “жыйым пункттары” деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. Коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр С.Ж.Исаков