КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 16-апрелиндеги № 171 токтому

2018-жылдын 1-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Финансылык жардам берүү жөнүндө протоколду бекитүү тууралуу

Мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, “Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. 2018-жылдын 1-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Финансылык жардам берүү жөнүндө протокол (мындан ары – Протокол) бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитети жогоруда аталган Протоколду аткаруу үчүн жооптуу орган болуп аныкталсын.

3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жогоруда аталган Протоколдун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболордун Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө түркия тарапка кабарласын.

4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 Премьер-министр                                                                 М.Д.Абылгазиев

 

Тиркемелер

Басып чыгаруу