КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 20-декабрындагы № 826 токтому

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ишин жөнгө салган ченемдик укуктук актылар чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын  (финансы полициясы) ишин регламенттөөчү ченемдик укуктук актыларды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына  шайкеш келтирүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 10-декабрындагы № 678 “Салык мыйзамдарын сактоо жана бул чөйрөдөгү тартип бузууларга каршы күрөшүү маселелери боюнча кызматташтык жана өз ара жардам жөнүндө Көз каранды эмес Мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттердин ортосундагы Макулдашууну бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

 3-пунктундагы “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык полиция мамлекеттик кызматы” деген сөздөр “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат (финансы полициясы)” деген сөздөр менен алмаштырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 29-майындагы № 350 “Кыргыз Республикасынын персонификациялаштырылган документтеринин Мамлекеттик реестри жөнүндө Жобону жана Кыргыз Республикасында колдонуудагы мамлекеттик маанидеги документтердин тизмесин бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында колдонуудагы мамлекеттик маанидеги документтердин тизмесинде:

- 53-пунктундагы “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык полиция мамлекеттик кызматы” деген сөздөр “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат (финансы полициясы)” деген сөздөр менен алмаштырылсын.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 17-февралындагы № 76 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык полиция мамлекеттик кызматынын туусунун баяндамасын бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) аталышындагы “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык полиция мамлекеттик кызматы” деген сөздөр “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат (финансы полициясы)” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 1 жана 3-пункттарындагы “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык полиция мамлекеттик кызматы” деген сөздөр “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат (финансы полициясы)” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык полиция мамлекеттик кызматынын туусунун баяндамасында:

- аталышындагы “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык полиция мамлекеттик кызматы” деген сөздөр “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат (финансы полициясы)” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- биринчи жана экинчи абзацтарындагы “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык полиция мамлекеттик кызматы” деген сөздөр “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат (финансы полициясы)” деген сөздөр менен алмаштырылсын.

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 30-октябрындагы № 798 “Бюджеттик мекемелер менен уюмдардын толук бюджеттик каржылоого этабы менен өтүшү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Толук бюджеттик финансылоого өтүп жаткан министрликтер менен ведомстволордун тизмесинде:

- “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык полиция мамлекеттик кызматы” деген сөздөр “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат (финансы полициясы)” деген сөздөр менен алмаштырылсын.

5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 13-декабрындагы № 577 “Кыргыз Республикасынын Салыктар жана жыйымдар боюнча мамлекеттик комитети, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитети, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык полиция мамлекеттик кызматынын ортосундагы өз ара маалымат алмашуу жана кызматташуу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) аталышындагы “Кыргыз Республикасынын Салыктар жана жыйымдар боюнча мамлекеттик комитети, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитети, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык полиция мамлекеттик кызматынын” деген сөздөр “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын (финансы полициясы)” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

1-пунктундагы “Кыргыз Республикасынын Салыктар жана жыйымдар боюнча мамлекеттик комитети, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитети, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык полиция мамлекеттик кызматынын” деген сөздөр “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын  (финансы полициясы)” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Салыктар жана жыйымдар боюнча мамлекеттик комитети, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитети, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык полиция мамлекеттик кызматынын ортосундагы өз ара маалымат алмашуу жана кызматташуу жөнүндө жободо:

- аталышындагы “Кыргыз Республикасынын Салыктар жана жыйымдар боюнча мамлекеттик комитети, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитети, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык полиция мамлекеттик кызматынын” деген сөздөр “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын  (финансы полициясы)” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 1.1-пунктчасындагы “Кыргыз Республикасынын Бажы кодексине” деген сөздөр “ЕАЭБдин Бажы мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын бажы иштери чөйрөсүндөгү мыйзамдарына” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 3-пунктунун 3.2-пунктчасындагы “Кыргыз Республикасынын Салыктар жана жыйымдар боюнча мамлекеттик комитети, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитети, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык полиция мамлекеттик кызматынын” деген сөздөр “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын  (финансы полициясы)” деген сөздөр менен алмаштырылсын.

6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 28-сентябрындагы № 458 “2005-жылдын 3-июнунда Тбилиси шаарында кол коюлган Салык кылмыштарына каршы күрөшүүдө Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин мүчө-мамлекеттеринин кызматташтыгы жөнүндө макулдашууну бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- 3-пунктундагы “Финансылык полиция мамлекеттик кызматы” деген сөздөр “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат (финансы полициясы)” деген сөздөр менен алмаштырылсын.

7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 19-декабрындагы № 876 “Кыргыз Республикасынын спирт жана алкоголь өнөр жайында түзүлгөн оор кырдаалды жоюу боюнча чаралар жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- 17-пунктундагы “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык полиция мамлекеттик кызматы” деген сөздөр “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат (финансы полициясы)” деген сөздөр менен алмаштырылсын.

8. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 6-декабрындагы № 575 “Бишкек шаарынын бөлүнгөн телефон тармагынын сыйымдуулугун пайдалануу тартиби жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Бишкек шаарынын бөлүнгөн телефон тармагына кошулуу укугу берилген абоненттердин тизмегинде:

- “Кыргыз Республикасынын Администрациялык ведомстволору” IX бөлүмүндөгү “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык полиция мамлекеттик кызматы” деген сөздөр “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат (финансы полициясы)” деген сөздөр менен алмаштырылсын.

9. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 24-августундагы № 365 “Мамлекеттик статистика органдарынан статистикалык маалыматтарды акысыз алууга укугу бар пайдалануучулардын тизмесин бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик статистика органдарынан статистикалык маалыматтарды акысыз алууга укугу бар пайдалануучулардын тизмесинде:

- “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Административдик ведомстволор” бөлүмүнүн алтынчы абзацындагы “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык полиция мамлекеттик кызматы” деген сөздөр “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат (финансы полициясы)” деген сөздөр менен алмаштырылсын.

10. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 15-мартындагы № 176 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматын (финансы полициясын) түзүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 6-пунктундагы “Токтоналиев, 2/1” деген сөз жана цифралар “Манас, 101/1, Жумабек көчөсү, 203/1” деген сөздөр жана цифралар менен алмаштырылсын;

2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жогоруда аталган токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат (финансы полициясы) жөнүндө жободогу:

5-пункттун экинчи абзацы “экономика жана финансы чөйрөсүндөгү кызматтык кылмыштар” деген сөздөрдөн кийин “, анын ичинде уюшкан кылмыштуу топтун курамында болгон” деген сөздөр менен толукталсын;

3) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматында кызмат өтөө жөнүндө (финансы полициясы) жободо:

5-пунктунда:

-  биринчи абзацы “35 жаштан ашпаган,” деген сөздөрдөн кийин “мыйзамдарда каралган учурларда кызматкердин ишин жүргүзүү үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик тилди билген,” деген сөздөр менен толукталсын;

-  экинчи абзацы төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:

 “Бош кызмат ордун ээлөөгө конкурстар мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндөгү мыйзамдарда белгиленген тартипте өткөрүлөт.”;

- жетинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“Финансы полициясынын орто, улук жана жогорку жетекчилик курамындагы кызмат ордуна юридикалык, экономикалык жана аскердик жогорку билими бар жарандар кабыл алынат.”;

- он экинчи абзацындагы “кызматка жаңы кабыл алынып жаткан” деген сөздөр “кызматка биринчи жолу кабыл алынып жаткан” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын:

“Финансы полициясынын кызматкери мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө мыйзамдарда белгиленген укукка ээ.

Жетекчи кызматкердин Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралган укугун ишке ашырууну камсыздоого милдеттүү.

Финансы полициясынын кызматкери мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө мыйзамдарда белгиленген милдеттерди аткарат.

Жетекчи мыйзамдарга каршы келген тапшырма берген учурда кызматкер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жетекчиликке алууга милдеттүү.”;

6-пунктунда:

- “Финансы полициясынын кызматкери мындай аракеттин жасалган убактысына карабастан кызматынан бошотулууга тийиш” деген сөздөр “Финансы полициясынын кызматкерине ээлеген кызматынан бошотууга чейин тартиптик жоопкерчилик чарасын колдонуу үчүн негиз болуп саналат” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- төмөнкүдөй мазмундагы “з” пунктчасы менен толукталсын:

“з) мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндөгү мыйзамдарда аныкталган башка чектөөлөр.”;

9-пунктта:

- “б” пунктчасынын үчүнчү абзацындагы “Кызматкерлерди ротациялоо, эреже катары, 5 жылда бир жолу жүргүзүлөт” деген сөздөр “Коррупцияны азайтуу максатында жүргүзүлгөн ротация 2 жылда бирден көп эмес жолу өткөрүлөт” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- “б” пунктчасы төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:

“Ротация мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө мыйзамдарда аныкталган тартипте жүргүзүлөт.”;

- “в” пунктчасынын бешинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“кызматкердин ишин баалоонун негизинде;”;

- 13-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

 “13. Финансы полициясынын катардагы, орто жана жогорку жетекчилик курамынын ишмердигин баалоо мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндөгү мыйзамдарда аныкталган тартипте жүргүзүлөт.”;

- 29-пункту төмөнкүдөй мазмундагы “с” пунктчасы менен толукталсын:

“с) мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө мыйзамдарда белгиленген негиздер болгондо ишенбөөчүлүк көрсөтүлгөн учурда.”;

- 30-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“30. Катардагы, кенже, орто жана улук жетекчилик курамдагы атайын наамдары бар кызматкерлер финансы полициясы органдарында төмөнкү жашка жеткенге чейин кызмат өтөй алышат жана 55 жашта кызматтан бошотулууга тийиш;

Финансы полициясы органдарында кызмат өтөө жашынын чеги төмөнкүлөр болуп саналат:

- финансы полициясынын кенже лейтенантынан капитанына чейин – 55 жаш;

- финансы полициясынын майорунан полковнигине чейин – 55 жаш;

- жогорку жетекчилик курамдагы адамдар үчүн – 55 жаш.

Катардагы, кенже, орто жана улук жетекчилик курамдагы атайын наамдары бар кызматкерлер өз каалоолору менен 45 жашында иштеген жылдары боюнча кызматтан бошоно алышат.”;

4) аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын  (финансы полициясы) Тартиптик уставында:

- 30-пункту “буйрук менен гана” деген сөздөрдөн кийин “же ушул Уставдын 40-пунктуна ылайык” деген сөздөр менен толукталсын;

- расмий тилдеги текстиндеги 34-пунктунун экинчи абзацындагы “выявления” деген сөз алып салынсын;

- 38-пунктунун биринчи абзацы төмөнкүдөй мазмундагы сүйлөм менен толукталсын:

“Эгерде бул мөөнөттүн ичинде кызматкер жаңы жаза албаса, анда ал тартиптик жазасы жок болуп саналат.” жана андан ары текст боюнча.

11. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 12-октябрындагы № 537 “Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттерден Кыргыз Республикасынын аймагына импорттолуучу товарларга контролдук баалардын минималдык деңгээлин аныктоонун, колдонуунун жана контролдоонун тартибин бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

-  жогоруда аталган токтом менен бекитилген Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттерден Кыргыз Республикасынын аймагына импорттолуучу товарларга контролдук баалардын минималдык деңгээлин аныктоонун, колдонуунун жана контролдоонун тартибинде:

- 9-пунктунун 7-пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын.

12. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 12-апрелиндеги № 168 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык полиция мамлекеттик кызматынын Өнүктүрүү жана материалдык колдоо фондун түзүү жана пайдалануу жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу” токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 13-июнундагы № 305 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жана күчүн жоготту деп эсептөө жөнүндө” токтомунун 6-пункту;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 129 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык полиция мамлекеттик кызматы жөнүндө” токтому.

13. Ушул токтомду ишке ашыруу менен байланышкан чыгымдар республикалык бюджеттин тийиштүү жылдарга карата каралган каражаттарынын чегинде сарпталсын.

14. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

 

Премьер-министр                                                                     С.Ж.Исаков                 

Тиркемелер

Басып чыгаруу