КР Өкмөтүнүн жана КР Улуттук банкынын 2019-жылдын 15-мартындагы № 125-07/3-2 токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын  2019-жылга карата экономикалык саясаттын негизги  багыттары жөнүндө биргелешкен билдирүүсү тууралуу

2019-жылга карата экономикалык саясаттын негизги багыттарын аныктоо жана ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине, “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17 жана 46-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы токтом кылышат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2019-жылга карата экономикалык саясаттын негизги багыттары жөнүндө тиркелген биргелешкен билдирүүсү жактырылсын.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын тиешелүү бөлүмдөрүнө жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына жүктөлсүн.


Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

 

М.Д.Абылгазиев

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы

  

Т.С.Абдыгулов