Япониядан сатылып келген радиациялык фону жогору автотранспорт каражаттарын дезактивациялоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын элинин радиациялык коопсуздугун камсыз кылуу максатында, “Кыргыз Республикасынын калкынын радиациялык коопсуздугу жөнүндө”, “Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө”, “Радиациялык коопсуздук жөнүндө” техникалык регламент” тууралуу жана “Кыргыз Республикасында экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча жалпы техникалык регламент” жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
- Япониядан сатылып келген радиациялык фону жогору автотранспорт каражаттарын (мындан ары – автотранспорт каражаттары) дезактивациялоо жана радиациялык контролдоо жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын эсептерине ылайык ташуу үчүн жана “Кыргыз турак жай коммунсоюз” мамлекеттик ишканасынын эсептерине ылайык автотранспорт каражаттарын дезактивациялоо үчүн атайын каражаттарынын эсебинен финансы каражатын бөлүүнү карасын.
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы:
- автотранспорт каражаттарынын санын тактоо менен аларды дезактивациялоо боюнча жумуштарды жүргүзүүнүн планын иштеп чыксын;
- автотранспорт каражаттарынын ээлеринин арасында автотранспорт каражаттарын дезактивациялоо, аларды дезактивациялоочу жерге жеткирүү жөнүндө, ошондой эле бажылык жол-жоболоштуруу боюнча кеӊири түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн;
- автотранспорт каражаттарынын ээлерине планга ылайык дезактивациялоо өткөрүлөөрү жөнүндө билдирсин;
- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги менен биргелешип автотранспорт каражаттарын “Кыргыз турак жай коммунсоюз” мамлекеттик ишканасынын адистешкен комбинатынын радиоактивдүү калдыктарды көмүүчү пунктуна (мындан ары - РККП) чейин коштоп жеткирүүнү камсыз кылсын;
- автотранспорт каражаттарын ташуу боюнча кызматтардын баасын эсептеп чыксын жана аларды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигине белгиленген тартипте берсин;
- автотранспорт каражаттарын ушул токтомдун 2-пунктунда көрсөтүлгөн финансы каражаттарынын эсебинен “Аламүдүн” станциясынан РККПга чейин ташып жеткирсин;
- автотранспорт каражаттары жана Кыргыз Республикасына ташып кирүү учурунда дезактивациялангандар үчүн бажылык алымдардын жана салыктардын бирдей коюмдарын колдонууну караган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиешелүү чечиминин долбоорун бир айлык мөөнөттө иштеп чыгып, белгиленген тартипте киргизсин.
4. “Кыргыз турак жай коммунсоюз” мамлекеттик ишканасы:
- автотранспорт каражаттарын дезактивациялоо боюнча кызматтардын баасын эсептеп чыксын жана аларды белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигине берсин;
- автотранспорт каражаттарын дезактивациялоону Кыргыз Республикасынын радиациялык коопсуздук чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын жана башка ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык, ушул токтомдун 2-пунктунда көрсөтүлгөн финансы каражаттарынын эсебинен жүргүзсүн;
- топтолгон радиоактивдүү калдыктарды жана дезактивациялоого болбогон автотранспорт каражаттарын утилге чыгаруу же көмүү маселеси чечилгенге чейин РКППда убактылуу сактоого кабыл алсын.
5. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция бажы/чек ара органынын кызмат адамы менен бирдикте автотранспорт каражаттарын дезактивациялоонун сапатына радиациялык контролду камсыз кылсын.
6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын тиешелүү бөлүмдөрүнө жүктөлсүн.
7. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр С.Ш.Жээнбеков