Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-августундагы № 473 “Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын штаттык санынын чеги жөнүндө” токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) жана анын Аппаратынын техникалык жана тейлөөчү персоналынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-августундагы № 473 “Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын штаттык санынын чеги жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
- жогоруда аталган токтомдун 4-тиркемесинде:
эскертүүнүн 3-пункту “Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарына,” деген сөздөрдөн кийин “Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) Аппаратына,” деген сөздөр менен толукталсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр С.Ш.Жээнбеков