28

Май

2019

1-июндан баштап 7- июнга чейин Ош облусунда "БАЛДАРГА -МЭЭРИМ!" жумалыгы.

img

 

1-июндан баштап 7- июнга чейин "БАЛДАРГА -МЭЭРИМ!" жумалыгы. 

КР дин Ош Облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев бардык облустук жетекчилер, балдар үйлөрүнөн, шелторлордон,онкологиялык ооруканалардан, ал эми акимдер, айыл өкмөт башчылары өз аймагындагы кароосуз, муктаж, жетим, өнөкөт жана айыкпас оорудан жабыркаган балдардан кабар алып, колдон келген жардамдарды, белектерди тартуулоосун жана ишкерлерди, жамаатарды да максаттуу активдештирип, демилгеге кошуу тапшырмасын берди.

 Бул жылы "Балдарды коргоо күнү" ыйык рамазан айына дал келүүдө андыктан, орозо айынын акыркы жумасын дээрлик балдарга арнайлы!  Аны сөзсүз токтом же буйрук менен эмес, ар бириңиздер жүрөгүңүздөр менен ишке ашырыңыздар-, деди облус башчысы.

"Балдарга камкордук 1 күн же 1 жумада эле бүтүп калбаш керек, ал ар бир күнү тамак жеген сыяктуу эле күнүмдүк адатка айланыш керек.  7-майда эле Кара- Кулжа районунда ЮНИСЕФ менен биргеликте балдарды колдоо долбоорунун алкагында " Балдар менен бирге ойнойбуз" аталыштагы кербенди ачып  келдик. Балдарга жайкы эс алуулар уюштурулат. Күздө шахмат боюнча кубок уюшутурулат. Жүрүштөр болот. Жайкы окуу жылга 15 мектептин курулушун жыйынтыктап колдонууга берели деп турабыз. Айтор, ар бир кадам, келечек ээлерине багытталышы керек" -, деп белгиледи

Балдарга жасалган инвестиция -өлкөдөгү эң чоң багыт болушу керек экендигин Өкмөт өкүлү Узарбек Жылкыбаев  буга чейин 25- майда  Ноокат районундагы "Акыркы коңуроо" салтанатында чыгып сүйлөгөн сөзүндө белгилеген. 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 

Ош  облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 

басма сөз кызматы