04
Июнь
Республикалык штаб: Эс алуу жана туризм объектилеринде санитардык-эпидемиологиялык эрежелер тыкыр сакталышы керек
Эс алуу жана туризм объектилеринде санитардык-эпидемиологиялык эрежелер тыкыр сакталышы керек. Тийиштүү тапшырманы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова Республикалык ыкчам штабдын кезектеги кеңешмесинин жүрүшүндө берди.
Кеңешме алкагында аймактардагы эпидемиологиялык абал, ошондой эле туристтик сезонго даярдыктардын жүрүшү талкууланды.
«Дарыгерлер көтөргөн актуалдуу маселелердин катарында "кызыл зонада" иштеген медициналык адистерге компенсация төлөө маселеси турат. Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги Экономика жана финансы министрлиги менен биргеликте бул маселени кыска мөөнөттө чечиши керек. Мындан тышкары, Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги калкты вакцинациялоо менен камтууну кеңейтүү максатында "COVAX" программасынын алкагында Россия Федерациясынан, Кытай Эл Республикасынан вакциналарды алып келүү боюнча сүйлөшүү процессин активдештирүүсү зарыл. Жайкы туристтик мезгилде санитардык ченемдердин так сакталышын камсыз кылуу маанилүү. Саламаттыкты сактоо уюмдарынын жетекчилерине, өзгөчө, Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун жетекчилерине жеке жоопкерчилик жүктөө менен чет өлкөлүк жана жергиликтүү туристтерге жеткиликтүү, өз убагында жана сапаттуу медициналык-санитардык жардам көрсөтүү үчүн жетиштүү кадр резервин, орун фонддорун, дары-дармектердин камын камсыдоо зарыл», - деди Жылдыз Бакашова.
Штабдын отурумунан кийин бир катар тапшырмалар берилди.
Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине төмөнкүлөр тапшырылды: дарыкана тармагын жана саламаттык сактоо уюмдарын коронавирустук инфекцияга каршы күрөшүү үчүн негизги жана резервдик керебеттердин, дары-дармектердин, медициналык багыттагы буюмдардын, жеке коргонуу каражаттарынын жетиштүү саны менен камсыз кылуу маселесин туруктуу көзөмөлдөп туруу.
Ведомствого туристтик мезгилде, айрыкча Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунда чет элдик жана жергиликтүү туристтер үчүн коронавирус боюнча ПЧР-тестирлөөнү жүргүзүү иретинде мамлекеттик жана жеке лабораториялардын (анын ичинде көчмө лабораториялардын) үзгүлтүксүз иштешин уюштуруу тапшырылды.
Ошондой эле министрликке пандемиянын шартында Кыргыз Республикасынын аймагына кирүүгө уруксат берилген өлкөлөрдүн тизмесин кайрадан карап чыгуу тапшырылды.
Министрлер кабинетинин аймактардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларына, Экономика жана финансы министрлигинин алдындагы Туризм департаментине эс алуу жана туризм объектилерин чет элдик жана ата мекендик туристтерге кызмат көрсөтүү үчүн талаптагыдай даярдоону камсыз кылуу тапшырылды.
Тийиштүү мамлекеттик органдарга чет элдик жана жергиликтүү туристтер үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү, анын ичинде алардын коопсуздук маселелери боюнча комплекстүү чараларды көрүү, ошондой эле туристтик агенттиктер жана туроператорлор менен сактык жана санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоо боюнча тиешелүү маалыматтык-түшүндүрүү иштерин туруктуу негизде жүргүзүү тапшырылды.
Министрлер кабинетинин аймактардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларына эпидемиологиялык кырдаал боюнча өз убагында жооп кайтарып, тийиштүү чечим кабыл алуусу тапшырылды. Ошондой эле аларга коронавирус инфекциясынын жайылышынын алдын алуу үчүн санитардык-эпидемиологиялык талаптарды эске алуу менен коомдук тамактануу жайларын 50% толтуруу менен иш жүргүзүүнү сунуштоо тапшырылды.
Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгына мечиттерде ар кандай диний иш-чараларды, анын ичинде жума намазын өткөрүүдө санитардык-эпидемиологиялык талаптарды так сактоо сунушталат.