05

Июнь

2021

Кыргыз Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын Мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча мамлекеттик комиссиясынын биргелешкен билдирүүсү

img

2021-жылдын 5-июнунда мамлекеттик чек ара участогунда ("Карамык" участогунун 12/9 чек ара түйүнү) Кыргыз Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын Мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Тараптардын Мамлекеттик комиссиясынын жумушчу жолугушуусу болуп өттү. Тараптар билдиргендей, Мамлекеттик чек аранын корсөтүлгөн участогунда түзүлгөн татаал кырдаал тынч жол менен чечилди. 

Тараптар томөнкүлөр жөнүндө протоколго кол коюшту:

- Ар бир тараптын чек ара постун 3 км ичке карай артка жылдыруу.

- Аскерлерди, аскердик жабдууларды туруктуу жайгашкан жерине алып кетүү, штаттык чек ара наряддарын гана калтыруу.

- Бул участокто жайыттарды пайдалануу боюнча чечим кабыл алынды.

- Мамлекеттик чек арадагы ар бир иш-аракет Тараптардын теңтөрагалары менен алдын ала макулдашылышы керек.

- Тараптардын чек ара наряддары тийиштүү жүрүм-турум линиясын сакташы тийиш.

- Жалпыга маалымдоо каражаттарында мурда кол коюлган протоколдордун кабыл алынган чечимдерине ылайык, эки тараптан макулдашылган маалыматтын гана берилүүсү.

- Топографиялык жумушчу топтордун жетекчилерине кыска мөөнөттө Кыргыз Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын мамлекеттик чек арасынын ПТ №12\2 дан ПТ №12\9 чейинки участогун сүрөттөп жазууну жыйынтыктоосу тапшырылды.

- Тараптар чек арадагы айылдардын калкына түшүндүрүү иштерин жүргүзүшү тийиш.

- Тараптар ушул протоколдун пункттарын так сактоону макулдашты.


КР Мамлекеттик чек арасын 

делимитациялоо жана демаркациялоо

боюнча мамкомиссиясынын жетекчиси

Ташиев К.К.


ТР Мамлекеттик чек арасын

делимитациялоо жана демаркациялоо

боюнча мамкомиссиясынын жетекчиси

Ятимов С.С.