22

Сентябрь

2021

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Улукбек Марипов Кыргыз Республикасындагы Сауд Аравиясынын элчиси Ибрахим Аль Радини кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Улукбек Марипов Кыргыз Республикасындагы Сауд Аравия Королчулугунун Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ибрахим Аль Радини кабыл алды.

Министрлер Кабинетинин башчысы белгилегендей, республика Сауд Аравия Королчулугу менен келечекте ырааттуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө артыкчылыктуу маани берет, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун Сауд Аравия Королчулугуна расмий сапарына карата даярдыктар тууралуу маалымат берди.

Улукбек Марипов билдиргендей, келерки жылы эки өлкө ортосундагы дипломатиялык мамилелердин орнотулгандыгына 30 жыл толот, анын алкагында экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактарда ар кыл иш-чараларды өткөрүү мүмкүнчүлүгү түзүлөт.

Сауд Аравия Королчулугунун Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ибрахим Аль Ради Министрлер Кабинетинин башчысынын демилгесин колдоого алды. 

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактардагы эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү маселесин талкуулады.