14

Октябрь

2021

Өзбекстандын Премьер-министри Абдулла Арипов Акылбек Жапаровду Министрлер Кабинетинин Төрагасы кызматына дайындалышы менен куттуктады

img

Өзбекстан Республикасынын Премьер-министри Абдулла Арипов Акылбек Жапаровго Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы кызматына дайындалышына байланыштуу куттуктоо катын жөнөттү.  

Өзбекстан Республикасынын Премьер-министри белгилегендей, өлкө жетекчиси жана парламенти тарабынан Акылбек Жапаровго көрсөтүлгөн жогорку ишеним анын натыйжалуу эмгек ишмердүүлүгүнүн татыктуу баалангандыгынын далили болуп саналат. 

«Биргелешкен күч-аракеттер аркылуу бизин өлкөлөрүбүздүн жана элибиздин бакубаттуулугу үчүн өзбек-кыргыз өз ара пайдалуу кызматташтыгын мындан ары кеңейтүүгө жана чыңдоого жетишебиз деп ишенем», – деди ал.  

Өзбекстан Республикасынын Премьер-министри Акылбек Жапаровго чың ден соолук, үй-бүлөлүк бакубаттуулук жана жооптуу мамлекеттик кызматта ийгиликтерди каалады.