14
Октябрь
Казакстандын Премьер-министри Аскар Мамин Акылбек Жапаровду Министрлер Кабинетинин башчысы кызматына дайындалышы менен куттуктады

Казакстан Республикасынын Премьер-министри Аскар Мамин Акылбек Жапаровго Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы кызматына дайындалышына байланыштуу куттуктоо жөнөттү.
Казакстандын Премьер-министри белгилегендей, биргелешкен күч-аракеттер келечекте республикалар ортосундагы кызматташуунун бардык чөйрөсү боюнча өз ара аракеттешүүнү кеңейтүүгө өбөлгө түзөт.
«Бир туугандык жана коңшулук салттуу принциптерге негизделген эки өлкө ортосундагы өз ара пайдалуу жана конструктивдүү кызматташтык эки өлкө элинин кызыкчылыктарына дал келет», – деди ал.
Аскар Мамин Акылбек Жапаровго чың ден соолук, бакубатчылык жана мамлекеттин кызыкчылыгын аркалаган ишиндеги ийгиликтерди, ал эми кыргыз элине тынчтыкты жана гүлдөп-өнүгүүнү каалады.