14

Декабрь

2021

Министрлер Кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров жана БАЭ Вице-президенти, Премьер-министри Мохаммед ибн Рашид Аль Мактум менен Кыргыз Республикасынын Улуттук павильонуна барды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Бириккен Араб Эмиратынын Вице-президенти, Премьер-министри, Дубайдын эмири Мохаммед ибн Рашид Аль Мактум менен Кыргыз Республикасынын Улуттук павильонуна барды.

Кыргыз павильонунун көргөзмө стенддери менен таанышуу учурунда Бириккен Араб Эмиратынын Вице-президенти, Премьер-министри, Дубайдын эмири Мохаммед ибн Рашид Аль Мактумга кыргыз элинин тарыхы жана маданияты, ошондой эле туристтик потенциал, экономикалык өз ара аркеттенүү жана кызматташтыктын мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө маалымат берилди.

Белгилесек, 14-декабрда Дубай шаарында «EXPO 2020» дүйнөлүк көргөзмөсүнүн алкагында Кыргыз Республикасынын Улуттук күнүнө арналган иш-чара өтөт. Көргөзмөнүн аймагында ар кыл маданий иш-чаралар өткөрүлөт.