30

Декабрь

2021

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Казакстандын Премьер-министри Аскар Мамин менен телефон аркылуу сүйлөштү

img

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаровдун Казакстан Республикасынын Премьер-министри Аскар Мамин менен телефон аркылуу сүйлөшүүсү орун алды.

Телефондук сүйлөшүү алкагында Акылбек Жапаров жана Аскар Мамин эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулады.

Ошондой эле Министрлер Кабинетинин башчысы Казакстан Республикасынын Премьер-министрин келе жаткан Жаңы жылы менен куттуктап, ага чың ден соолук, бакубаттуулук жана мамлекеттик ишмердүүлүгүндөгү ийгиликтерди, ал эми бир тууган Казакстан элине тынчтык жана өнүгүүнү каалады.