10

Февраль

2022

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев Экономика жана коммерция министрлигинин коллегиясына катышты

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин коллегиялык жыйынына катышты. 

Жыйындын жүрүшүндө Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев ведомствонун өткөн жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы жана 2022-жылга карата пландары тууралуу маалымат берди.

Ал белгилегендей, 2021-жылы ички дүң продукциянын көлөмү – 723,1 млрд сомду, реалдуу өсүү темпи 103,6%ды түздү (2020-жылдын январь-декабрында 91,6%). Кумтөр кенин иштетүү боюнча ишканаларды эсепке албаганда өсүү темпи 103,9%ды түздү (2020-жылдын январь-декабры – 91,1%).

Өз кезегинде Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары министрлик тарабынан бардык багыттар боюнча олуттуу иштер аткарылганын, ошол эле учурда мамлекеттик органдын ишмердүүлүгүндө кемчиликтер да бар экенин белгиледи.

«Салык кодексинин жаңы редакциясынын ченемдери боюнча маалыматтык-түшүндүрүү иштери тийиштүү деңгээлде жүргүзүлгөн эмес. Ишкерлердин контролдук-кассалык машиналарды колдонуу боюнча маалыматынын жоктугу коомчулукта бир катар митингдерди жана кайрылууларды жаратты, анын ичинде мамлекет башчысына да кайрылуулар болду. Бул жол берилгис нерсе, мамилени өзгөртүп, ар бир ишкерге жаңы Салык кодексиндеги жаңычылдыктарды, анын ичинде контролдук-кассалык машиналарды ишке киргизүү нормаларын түшүндүрүү зарыл», - деп белгиледи Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары.

Ал ошондой эле Ишкерлерди тейлөө борбору жетиштүү деңгээлде иштебей жаткандыгын кошумчалады.

«Ишкерлердин көп сандаган арыздарынан улам Ишкерлерди тейлөө борборуна пландан тышкаркы текшерүүгө бардым. Текшерүү учурунда 9 мамлекеттик орган өкүлдөрүнүн беши гана иш ордунда болгон. Борбор ишкердикти өнүктүрүү үчүн түзүлгөн. Грузияда ушул сыяктуу борборлор 100% натыйжалуу экендигин далилдешти. Борбордун ишин гана жакшыртпастан, аймактарда дагы ушундай борборлорду ачуу зарыл», - деп белгиледи Арзыбек Кожошев.

Ал кошумчалагандай, Кыргыз Республикасын 2026-жылга чейин өнүктүрүүнүн Улуттук программасы кабыл алынып, анда жашыл жана креативдүү экономиканы, экономиканын реалдуу секторун өнүктүрүү жана ИДП жогорулатуу, санариптештирүү, консолидацияланган бюджетти 400 млрд сомго дейре жеткирүү жана аны туруктуу өнүктүрүү,  мамлекеттик мүлктү башкаруу системасын реформалоо, ошондой эле мамлекеттик ишканаларды жана мамлекеттин катышуусу бар ишканаларды өнүктүрүү сыяктуу экономикалык көрсөткүчтөрдүн өсүшүнө жетишүү боюнча конкреттүү милдеттер жана чаралар белгиленген. 

«Республиканын мындан ары экономикалык өсүшүнүн бардык артыкчылыктуу багыттары силердин колуңарда топтолгон. Сиздерге чоң үмүттөр жана амбициялуу милдеттер жүктөлөт. Көрсөтүлгөн ишеним акталаарына ишенем», - деп сөзүн жыйынтыктады Арзыбек Кожошев жана өзгөчөлөнгөн кызматкерлерге Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин атынан алкыш каттарын тапшырды.