11
Март
Эдил Байсалов № 3 кесиптик лицейдин иши менен таанышты
Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бишкек шаарындагы №3 кесиптик лицейине барды.
Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары аталган билим берүү мекемесинин окуу программасы жана инфраструктуктурасынын абалы менен таанышты. Эдил Байсалов окуу кабинеттерин, мастерскойлорду, лабораторияларды кыдырып, анда ал окутуучулар жамааты жана студенттер менен ацгемелешти.
Бүгүнкү күндө мекемеде 454 адам билим алса, анын ичинен 33ү – мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар, ал эми экөөсү ата-энесинен ажыраган балдар.
Жолугушуунун жыйынтыгында Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары кесиптик лицейдин жетекчилигине окуучулар үчүн ашкананын ишин уюштуруу маселесин чечүүнү, ошондой эле окуу процессине зарыл башка тийиштүү шарттарды түзүүнү тапшырды.