18

Март

2022

Арзыбек Кожошев жана Алексей Оверчук соода-экономикалык кызматташтыктын артыкчылыктуу маселелерин талкуулады

img

Москва шаарына жумушчу сапарынын жүрүшүндө (Россия Федерациясы) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасынын орун басары Алексей Оверчук менен жолугушту. 

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө эки тараптуу соода-экономикалык кызматташуунун актуалдуу жана приоритеттүү маселелери талкууланды.

Өзгөчө басым транспорт, өнөр жай кооперациясы, айыл чарба тармагындагы мындан ары өз ара аракеттенүү, Евразия экономикалык биримдигинин форматында интеграциялык процесстерди тереңдетүү маселелерине коюлду.

Тараптар ошондой эле Кыргыз Республикасынан келген эмгек мигранттарынын Россия Федерациясынын аймагында жүрүүсүнүн укуктук макамын жана Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиясынын 23-кеңешмесинин болжолдуу мөөнөттөрүн талкуулашты.