21

Март

2022

Азербайжан Республикасынын Премьер-министри Али Асадов Министрлер Кабинетинин башчысы Акылбек Жапаровду жана кыргыз элин Нооруз майрамы менен куттуктады

img

Азербайжан Республикасынын Премьер-министри Али Асадов Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаровду жана кыргыз элин Нооруз майрамы менен куттуктады. 

«Биздин элдерибиздин бай улуттук рухий мурасын чагылдырган Нооруз майрамына байланыштуу куттуктоомду жана жакшы тилектеримди кабыл алыңыз. Өзүнө жогорку адеп-ахлактык идеалдарды камтыган бул куттуу жаз майрамы руханий жаңыланууга, жаратмандыкка жана гармонияга үндөп, өз ара түшүнүшүүнү жана айкөлдүктү даңазалайт.

Азербайжан жана Кыргызстан ортосундагы достук жана кызматташтык мамилеси мындан ары карай да чыңдалып, элдерибиздин эркине ылайык бекемделе берет деп ишенем», - деп айтылат куттуктоодо. 

Али Асадов Акылбек Жапаровго чын ден-соолук, бакубаттуулук жана ийгиликтерди, ал эми Кыргызстан элине тынчтыкты жана өнүгүп-өсүүнү каалады.