20

Апрель

2022

Министрлер Кабинети агроөнөр жай тармагын насыялоо үчүн 10 млрд сомду сарамжалдуу жана максаттуу пайдалануу маселесин өзгөчө көзөмөлгө алат

Агроөнөр жай тармагын насыялоо үчүн бөлүнгөн 10 млрд сомду сарамжалдуу жана максаттуу пайдалануу маселеси Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин өзгөчө көзөмөлүндө турат.

Министрлер Кабинети тарабынан агроөнөр жай кластерлерин чыңдоо жана өнүктүрүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер стратегиялык маселени – өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо маселесин чечүүгө багытталган.

Кластердик бирикмелердин негизги катышуучулары болуп фермерлер жана кайра иштетүүчү ишканалар (агрегаторлор) саналат, алардын ортосунда продукцияны жеткирүү боюнча келишимдер түзүлөт. Натыйжада, фермерлер өз түшүмүн сатуу кепилдигине ээ болушат, ал эми агрегаторлор продукция өндүрүү үчүн зарыл сырьёлорду алышат. Агрегаторлорго насыя берүү аларга жүгүртүү каражаттарынын эсебинен фермерлерден ашыкча айыл чарба продуктуларын сатып алууга мүмкүндүк берет.

Бөлүнгөн каражаттын 55%ы ар бир кластердеги жеке ишкерлер жана жеке жактар, фермердик, үрөн, асыл тукум чарбалар жана мөмө-жемиш питомниктер үчүн каралгандыгын белгилей кетүү зарыл.

Келечекте тийиштүү мамлекеттик органдар зарыл болгон айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүү, аларды сатуу, кайра иштетүү жана негизги продукцияларды өндүрүү боюнча өз ара аракеттенүү тутумун түзүү, ошондой эле фермерлерди окутуу жана айыл чарба тармагына заманбап ыкмаларды киргизүү максатында айыл чарба кластерлери менен келишимдерди түзөт.