02

Май

2022

Түркия Республикасынын вице-президенти Фуат Октай Акылбек Жапаровду жана жалпы кыргыз элин ыйык Рамазан айынын аякташы жана Орозо айт майрамы менен куттуктады

img

Түркия Республикасынын вице-президенти Фуат Октай Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаровду жана Кыргыз Республикасынын жалпы элин ыйык Рамазан айынын аякташы жана Орозо айт майрамы менен куттуктады.

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаровго жолдонгон куттуктоо катында бай тарыхы бар Орозо айт майрамы өзүнө жаратмандыкты жана улуу руханий мазмунду камтып тургандыгы айтылат.

Куттуктоодо ошондой эле бир тууган кыргыз элине тынчтык, жакшылык, бакубатчылык жана алдыга коюлган бардык пландардын ишке ашуусу тууралуу каалоо-тилектер айтылган.