21

Май

2022

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Өзбекстан Республикасынын Премьер-министри Абдулла Арипов менен телефон аркылуу сүйлөштү

img

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси Акылбек Жапаров менен Өзбекстан Республикасынын Премьер-министри Абдулла Ариповдун телефондук сүйлөшүүсү болуп өттү.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө гуманитардык, соода-экономикалык тармактарда эки тараптуу кызматташуу маселелери талкууланды.

Тараптар өлкөлөр ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү жана товар жүгүртүүнү жогорулатуу максатында жогорку деңгээлде жетишилген макулдашууларды ишке ашырууга даяр экендиктерин белгилешти.