25
Май
2022-2026-жылдарга Интеллектуалдык менчикти жана инновацияларды өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасы бекитилди
2022-2026-жылдары Кыргыз Республикасында интеллектуалдык менчикти жана инновацияларды өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасы бекитилди. Тиешелүү чечимге Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.
Бул программаны бекитүү чечими Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы № 435 Жарлыгы менен бекитилген 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасын, ошондой эле 2026-жылга карата Кыргыз Республикасында интеллектуалдык менчиктин жана инновациялардын теңделген жана натыйжалуу экосистемасын калыптандыруу үчүн шарттарды түзүүнү ишке ашыруу максатында кабыл алынды.
Белгилей кетсек, 2022-жылдын 1-январына карата Кыргыз Республикасынын аймагында 74 053 интеллектуалдык менчик объектилери корголууда.