01
Июнь
Бакыт Төрөбаев ЕРӨБ өкүлчүлүгүнүн башчысы Айтен Рустамова менен энергетика жана энергиянын кайра жаралуучу булактары тармагындагы долбоорлорду ишке ашырууну талкуулады
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын Кыргыз Республикасындагы, Тажикстан жана Түркмөнстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Айтен Рустамова менен жолугушуу өткөрдү.
Жолугушуунун жүрүшүндө энергетика тармагындагы долбоорлорду ишке ашырууда кызматташуунун келечектүү багыттары, атап айтканда, «Чакан ГЭС» ААК модернизациялоо, «Кара-Көл» жана «Орто-Токой» эки жаңы чакан ГЭСин куруу, ошондой эле энергиянын кайра жаралуучу булактары, транспорт жана ирригация тармагындагы долбоорлор талкууланды.