04
Июнь
2022
Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук фтизиатрия борборунун директору Каратаев Мадаминжан Мусаевич ээлеген кызматынан бошотулду
«Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине, «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37-беренесинин 1-бөлүгүнүн 6-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук фтизиатрия борборунун директору Каратаев Мадаминжан Мусаевич ээлеген кызматынан бошотулду. Тийиштүү чечимге Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.