06

Июнь

2022

4-июнь - Кыргыз Республикасынын сот экспертинин күнү

4-июнь жыл сайын белгиленүүчү Кыргыз Республикасынын сот экспертинин кесиптик күнү деп белгиленди. Тийиштүү чечимге Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон. 

Аталган чечим Кыргыз Республикасында соттук эксперттин ролун жогорулатуу максатында кабыл алынган.

Үстүбүздөгү жылы Кыргыз Республикасынын соттук эксперт кесибине 59 жыл толот.

Белгилей кетсек, соттук экспертиза атайын билимдерди колдонуунун зарыл процессуалдык формасы катары укуктук мамлекетте абдан маанилүү ролду ойнойт жана сот адилеттигинин ажырагыс бөлүгү болуп саналат. Жарандык, жазык жана административдик иштерди кароонун алкагында тергөө аракеттеринин жана сот өндүрүшүнүн маанилүү элементтеринин бири соттук экспертизаларды жүргүзүү болуп саналат.