17
Июнь
Акылбек Жапаров «Сбербанк России» жана «Газпромбанк» ААК жетекчилиги менен жолугушту
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Петербургдагы XXV эл аралык экономикалык форумдун алкагында «Сбербанк России» ачык акционердик коомунун башкармалыгынын төрагасы Герман Греф менен жолугушту.
Ошондой эле Министрлер Кабинетинин башчысынын «Газпромбанк» акционердик коомунун башкармалыгынын төрагасы Алексей Матвеев менен жолугушуусу өттү.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен “Газпромбанк” акционердик коомунун ортосунда кызматташуу боюнча Меморандумга кол коюлду.
Тараптар финансы институттары ортосундагы кызматташтыкты бекемдөө, акча-кредит саясаты маселелери боюнча тажрыйба алмашуу маселелерин талкуулашты.